"Эркин-Тоо"

Кайгынын үрөйү…

ШООЛА

ПРОЗАЛЫК ЧЫГАРМА

“Өлөм!” дечү буулугуп, туталанып кээде. “Жараткан , бул эмне деген тагдыр? Бул эмне деген тозоку өмүр! Ушинтип жашагандан көрө өлүп калган алда канча жеңилирээк болмок… Мындай азапка кантип чыдайм, тагдырың менен жерге кир!? Кимге кереги бар мындай өлөсөлү жашоонун… Кимге!?” – дээр эле үнү Жаратканга жетчүдөй… Көр турмушуна кейип.
– Ии..? – деди, Тагдыр бул ирет тээ көкүрөк түпкүрүнөн үн салып… – Көрдүңбү!? Азап менен тирүүнүн тозогу кандай экенин көрдүңбү эми? Арман кандай болорун, кайгынын кара күйүтү кандай оор болорун сездиңби? Көрө элек болсоң, көзүңдү чоң ачып көрүп ал. Көр, көрүп ал бейжай…”
Ал ушул ирет чындап эле кайгы менен көзмө-көз келди, келмек тургай колуна кармап, кучагына аяр кысып да турду. Кулатпай жөлөп-таяп турганы,аяп турганы – сексен жетидеги таенеси. Байкушта ыпым салмак жок , буладай жепжеңил, алсыз, үзүлбөгөн эле ысык жаны бар бечара кемпирдин, териси менен эле сөөгү калгандай… Ага деле карабай, алынын барынча тырмалаңдап, боз үйдүн сол капшытында, көшөгөнүн артында созулуп жаткан уулунун жансыз денесине бой урат эне!!! Бар күчүн, бар алын жумшап ошо жакка жүткүнөт!..
– Өөөөүүүй… Өөө… Оооууу…– деп армандуу какшайт. Эчкирип эт-бетинен кетип,бар үнү менен озоңдогусу келет, сөөлдөй күчү болсо кана, ага деле көкүрөк толо дем керек окшобойбу! Байкуш кемпирдин ай-ааламды буза арман чапчымагы кайдаа-а! Араң чыккан алсыз үнү менен ачуу сыздады, кошок кошмок түгүл сөз сүйлөөгө чама-чаркы келбей, тек гана “өөөөөүүүүүй…өөөө….оооуй..!” деген күйүттүү үнү менен тынымсыз боздоп жатты кучагында. Эненин көкүрөгү эңшерилип турду…
– Көрдүңбү…?– деди Тагдыр,буга кайра-кайра эсине салуудан тажабаган бир соболун дагы да узатып.-Көрдүңбү эми, кайгынын өң-түсү кандай болорун?
– Көрдүм!!! Оо, көрдүм дейм, шум тагдыр! Көрдүм! Көрбөй көзүм соолуп түшсөчү! Жүрөгүм ай… Байкуш таенем ай! Шоруң мынча кат-кат!? Жаратканым, өзүң жардам берчи ! Аячы бечараңды!
Ушул тапта ызы-чуу, ый-кошокко толгон боз үйдүн ичинде уулунун сөөгүнө улам бой урган, карылыктан чүкөдөй болуп калган энени кучактап отуруп, эбак жаны үзүлүп, созулуп жаткан таекесинен да бу кемпирдин күйүтүнө дили сыздап, кемпирди аяп ыйлап жатты. Жүрөгү эзилип, жарыла жаздап турду! Карылыгы жеткен кучагындагы эненин күйүтү ага өтмө катарынан өтүп, эне сезгенди сезип, эне туйгандын баарын туюп, таенесин бекем кучактап, болгон үнү менен боз үйдү башына көтөрө ый аралаш бакырып-бакырып, өксүп алды.
– Таенеее..! Байкуш Таенем ай!!! Садага болоюн таенем! Садага болоюнум..! Эми кантер экенсиң..! Байкуш таенем ай!
… Маркум, кемпирдин өлгөндөн калган жалгыз эркек баласы эле бу жалганда. Кариет, кыздары деле бар албан-субандай, дөөлөтү менен бир-бирине теңтайлашкан. Бирок кемпир эркек баласына жан тартып, жакын көрчү. Кезинде төрт кыз, эки эркек баланын энеси болду. Эки эркегинин бирөө чырактай кезде, көзгө толгон улан кезинде кырсыкка кабылды, катыгүн! Жайлоодо жүрүп, азоо айгыр ала качып, үзөңгүдөн буту чыкпай сүйрөлүп, таштан-ташка урунуп мерт болгон . А күйүт күнү бүгүнгө дейре өзөгүн өрттөп келет эне кургурдун!
Бир курдай кеп курган…
– Атчан тоо кыялап келатсам, алдыман бир жалаңгычтай эме чыкпадыбы кокууй, өзүм Аккулду ойлоп кейип, ичтен сызып келаткам, капталымдан, киши бою өскөн чийлердин арасынан үстүнө жалбырак-жулбуракка окшогон бирдемкелерди самсаалатып илип алган, не кишиге окшобойт, не айбан эмес, тири укмуш эле бир желмаян көрүндү көзүмө. Түбүн түшкүр, “Аккулду алган менмин! Мына мен алгам!” дебедиби! Корккон деле жокмун, чыйралып, эч нерсеге карабай ат тизгинин ошо тарапка бура салып жүрүп бердим. Жок… Бир заматта жер сыйпагандай жоголуп кетти, өкүрүп-бакырып ыйлап, чийлердин арасын тинтип издеп жүрөм баягы немени, тапсам эле Аккулумду кайрып алчудай болуп. Далайга издедим эс-учумду жыя албай. Өөх… тапкан жокмун, табылмак беле… Көмкөрөмөн түшүп алып жер тытып боздоп аттым… “Аккулду мен алгам!” дебедиби кокуй күн ай, кокуйгүн!
Көзүнөн сызылып чыккан жашты жоолугунун учу менен сүртүп коюп, үшкүрүнө сүйлөп отурган таенесин карап алып ошондо кыздын дене бою шуу эткен. Анда бу кыз он алтылар чамасында болчу. “Аиииий! Кантип коркпой артынан кубалады таене? Андай көрүмчү кокус мага көрүнүп, мага сүйлөсө, ошол жерден жүрөгүм жарылып өлсөм керек…” Ушинтип ойлогон эле ичинен.
Андан бери канча суулар акты, ал ортодо таятасы да дүйнө салды. А кемпир “Аккулум, Аккулум…” деп ичтен күйүп жүрүп, бетинин бир ыптасы кыйшайып, кыйшайган тейде кала берген. Дагы кудайга шүгүр, кыздары жашоо-турмушка бышык чыгып, энени биринен сала бири колдоруна алып бапестеп багып келет. Чүйдүн абасы жеңил деп көп учурда борбор калаадагы кыздарынын колунда. Багуусу го жакшы дечи. Бирок эненин ой-санаасынын баары айылда. Өлгөндөн калган жалгыз туягы, уулу тээ алыскы тоо этектеген айылда абышкасы экөө өмүр кечирген үйдүн түтүнүн булатып, коломтосунан от өчүрбөй, очор-бачар жашап жатканы эле эненин зор каниети… эле бул жалгандагы! Басып-туруп ошолордун амандыгын тилеп, тобо келтирип, “Жанкулумдан топурак буюрсун ылайым” дээр эле байма-бай. “Өзүңдү ая, жаныңды ая” деп акидей асылган кыздарына бой бербей, “кыздын төрүнөн уулдун улагасы артыкты” балп эте айтып, айылды көздөй жүрүп берер эле кээде эне. Жашырганда не, келини сүйүңкүрөбөй эле тосуп алчу кемпирди, ага деле кайыл, билмексен болуп, коломтомдун ээси деп сөз тийгизбей мактап, жалгыз уулдун караанынан каниет алып, андан төрөлгөн неберелерине жалынып-жалбарып жүрө берип, бир күнү кайра сыркоолоп калганда, кыздарына телефон чалдырып, артынан келип борборго алып кетчү кыздарынын бири.
Кыздары дүнүйөгө карк, акчага туйтунган немелер болсо деле кээде энеге оюн-чындан таарынып, тамашага салып тийишип калат.
– Аай апа, жок дегенде бир айлык пенсияңызды бизге бөлүп берип койсоңуз боло айланайын? Эч нерсесин көрсөтпөй айылга эле сала бересиң, биз деле балаңбыз го акыры?
Эне моюн берчүбү, кайра каарып өтөт дакылдап-шакылдаган кыздарын.
– Ботом, силерге эмне кереги бар акчанын? Өзүңөрдүкү өзүңөргө жетмек түгүл ашып жатпайбы, акча деген айылга керек! Мал-жандын чөбү, отун-суу деген бар! Жанкулум жалгыз жанын карч уруп жүрсө… А көрөк силер деле жардам бергиле ошого!
– Каап! Кайра ушинтесиз да апа! Жанкулуңуз эмне сиздин пенсияны эле карап калыппы! Кудайга шүгүр, мал-жандуу эле го?
– Мал-жандуу деп… Ошо мал-жанды бакканга да күч керек, малдын да малдай азабы болот ботом.
– Анын балдары деле тың чыгышпадыбы, алар сиздин биртике тыйынды карап калчу немелер эмес, апа. Бекер эле убайымдана бересиз. А көрөк чөнтөгүңөргө салып койсоңор деле, жок дегенде өзүңүзгө дем-күч болуп турат акча дегениң. Оюңуздун баары эле айыл, ай тийсе деле Жанкулга тийсин, кокуй күн тийсе деле Жанкулга тийсин деп!
– Шүк ээ! Антчү эмес! Мен өлсөм силер эмес, ошол көмөт мени. Жанкулум көмөт! Ошондон топурак буюрсун кудайым.
Мындай сөз эненин акыркы бүтүмү экенин баары билип бүткөн, ушундан кийин бирдеме деп эле көр. Кыздар өз ара чогула калганда, эненин көзү мындай болору менен кемпирдин катуулугун, тоң моюндугун айтып бир эсе күлүп,бир эсе таңданып сөз кылат.
***
Түбү түшпөгөн арман дүнүйө десеңчи..! Эми минтип энени тээ калаадан бери уулун жамандыгына алып келди. Жолду ката аны-муну айтып алаксытып, анан дал үйүнө жетерде угузду. Угузуу ушунчалык оор болорбу?! Мынчалык азап болорбу. Чүкөдөй кемпир кучагында боздоп, арыда маркумдун жубайы, кыздары, эже-карындаштары боз үйдү башына көтөрө аза зыйнатын кылып ыйлап жатты. Таенесин көргөн сайын жашы отуздан ары ооп калса деле өзүн али кичинекей, али да небере сезип эркелей кетчү жээн кыз бир заматта, ушул азалуу күндүн тозоку саатында бир топ жашка чоңое түшкөнүн сезди. Эс тарта түштү кадимкидей.
Таенесин көкүрөгүнө аяр кучактап, самсаалай түшкөн бубак чачтарын этият жыйнап, кудум кичинекей кызды сооротконсуп айланып-кагылып, кайра чыдабай өзү кошо ыйлап жатты аргасыз, эненин энелик күйүтүнө аралашып, жан-дили сыздайт. Ушундан бир топ күн илгери эле шаардан таежесинин үйүнө барган, атайын ушу кемпирге учурашып кетейин деп. Анда го бейпил күндөрдүн бири да, көптөн бери көрө элек таенесин эси ооп карап отурган, эси ооп карагыдай бар эле. Ак жайдын күнкү ысыкта башым үшүйт деп, ансыз да калың жоолуктун ортосуна ого бетер калын матаны коюп, ийне-жип менен колго тепчип-тепчип тигип, аябай калыңдатып башына салынып алыптыр, үстүнө кийген кат-кат калың жемпилери, баарынан да шакектеричи! Адеп көргөндө таң калган, шакектерин ичке чүпүрөк менен тегерете кылдат ороп чыгыптыр да, ошол бойдон манжаларына кийип алыптыр.
– Бул эмне таене? – деген өзүнчө бушайманданып.
– Аа жерге кирсин, колума токтобой түшүп кетип жатпайбы шакектерим, ушинтип койсом ырас экен, жылмышып түшпөй калды.
– Аа…– деп оозун аңырдай ачып тим болду. Кайра кемпирдин манжаларын караса, чын эле шакек токточу түрү жок, илмейип ичке, бир укмуш кунары качып калган кези тура. “Ушу жашта эмне кыйналат шакек тагынып, өзү араң жүрсө, шакектерин алып нары түйүнчөгүнө эле түйүп койбойбу жарыктык!..” деген менен бир ою кайра каршы чыккан буга. “Балким карыса деле аялдык наркын коё бергиси келбей жаткандыр, кайдан билем, балким шакектер өзү үчүн оголе кымбаттыр”. Кемпирдин жүзү да укмуш эле, майда-майда, тарам-тарам болуп, бармак басым да жер калбай тептегиз түшкөн тайыз-тереңи аралаш кыйма-чийме бырыштарды карап, колу менен сылап, кармап көрүп атып анда да бир ирет тээ тереңинен шүйкүмү качып, үрөйү учту эле.
– Айиииий! Карылык деген ушинтип келет турбайбы!!! Карылыктын кейпи ушундай экен го чиркин… Анан кеткенден кийин да бир топ күн унута албай жүргөн ошол көрүнүштү. Эми болсо экөө кучакташып аза күтүп отурушат!
…– Ии,көрдүңбү арман кандай экенин? Кайгы кандай болорун? – деди Тагдыр дагы.
“О,Кудайым,таенеме өзүң кубат бере көр! Таенемди аяй көр”– деп ичинен тиленип, колунан келер эле болсо, мобу түйтөйгөн кемпирдин кара кайгысын орду-түбү менен жоготуп салгысы бар.
***
Сөөк коюлар күндүн таңында шумдуктуудай түш көрүп, түшүндө ыйлап жатып ойгонуп кетти…(уландысы бар)               автор:  Махабат Саидрахмановна

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!