"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Кайра иштетүү тармагы: 9 айдын ичинде 31 ири ишкана курулду

Кыргызстандын айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагы 2025-жылы тарыхый өсүшкө жетти.

Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин маалыматы боюнча, 9 айдын ичинде кайра иштетүү тармагында 31 ири ишкана, 4 соода-логистикалык борбор, 68 кооператив жана 7 МТС түзүлүп, 900дөн ашуун жаңы жумуш орундары пайда болду. Эл аралык сапат стандарттары 32 ишканада киргизилди.

«Жаңы ишканалардын курулушу, жабдуулардын модернизациясы жана экспорттук кубаттуулуктун артканын билдирет. Кыргызстандын мөмө-жемиштерин, жаңгак, фасоль жана балды кайра иштетүү боюнча ишканалар Евразия, Кытай, Япония жана Жакынкы Чыгыш рынокторуна экспортту кеңейтүүдө. 2025-жыл — тарыхый ийгилик-рекорддордун жылы болсо, 2026-жыл — инновациялардын, экспорттун жана туруктуу өсүүнүн жылы болсун!» — деди Бакыт Төрөбаев.