Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Иманалиевди эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.
Ал буга чейин УТРКны жетектеп келген. Бул кызматка 2022-жылдын июнь айында дайындалган болчу.
2019-жылы Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалган. 2021-жылы февраль айынан октябрь айына чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп иштеди.