Министрлер Кабинети камакка алууга болбой турган оорулардын жаңы тизмесин бекитти. Бул чечим Жазык-процессуалдык кодексинин 116-беренесине жана «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамдын 43-беренесине ылайык кабыл алынды.
Мурдагы 2018-жылдагы №296 токтом өз күчүн жоготту. Жаңы тизмеге:
- инсульт,
- эпилепсия,
- кант диабети,
- узакка созулган жана өнөкөт психикалык оорулар,
- ден соолукка коркунуч жараткан башка оор дарттар кирди.
Жаңы тизме Токтомго тиркеме катары жарыяланып, 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

