"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Калаада кайгуул кызматы чоң рейд жүргүзүүдө

Бишкек шаарында жол коопсуздугун камсыздоо максатында айдоочуларды текшерүүгө багытталган масштабдуу рейддик иштер өтүп жатат. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Иштин жүрүшүндө мас абалында унаа башкарган, документсиз айдаган жана айдоочулук күбөлүгү жок жарандар аныкталып, мыйзам бузган айдоочуларга карата тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырып, өзгөчө төмөнкү талаптарды эскертти: рулга мас абалында отурбоо, документтерди алып жүрүү жана кайгуул кызматкерлеринин талаптарын аткаруу.

Маалыматка ылайык, мындай рейддер шаар аймагында үзгүлтүксүз улантылат.