"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Калаада суу өчүрүлөт

Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы 2025-жылдын 16-декабрында Элебаев көчөсүндө жайгашкан суу түтүгү алынып салынгандыгына байланыштуу убактылуу суу өчүрүлө тургандыгын билдирди.

Маалыматка ылайык, талаган аймактагы турак жай имараттарын, мектептерди, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин, саламаттык сактоо мекемелерин жана башка социалдык жана тиричилик объектилерин ичүүчү суу менен камсыздоо саат 9:00дөн 19:00гө чейин токтотулат.