"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Калаага бутактарды майдалоочу заманбап жабдуу алынды

«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына автономдуу генератордо иштеген жаңы жабдуу орнотулду. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Кубаттуулугу 230 киловатт болгон, саатына 20–30 тонна бутактарды майдалоого мүмкүнчүлүк берген жабдуу Кытайдын Циндао шаарынан келген. Ал Бишкек мэриясы менен Кытай шаарынын администрациясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде алынган.

Чогултулган бутактар иштетилип, топурактын түзүлүшүн жакшыртуучу майда зат катары пайдаланылып, нымдуулукту сактап, шаарды жашылдандырууда колдонулат.

Мэрия белгилегендей, бул жабдуунун ишке кириши таштандыларды кайра иштетүү жана экологиялык демилгелерди ишке ашырууда маанилүү кадам болуп саналат.