Бишкек шаарынын мэриясы жазгы көрктөндүрүү иштерине даярдык көрүү үчүн 50 миңден ашуун көчөт сатып алат. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Мэр буга чейин шаарды жашылдандыруу боюнча иштерди баштап, анын алкагында 15 миңден ашуун көчөт отургузулганын белгиледи.
Маалыматка ылайык, муниципалдык экологиялык кеңеш көчөттөрдүн санын көбөйтүү чечимин кабыл алды. Көчөттөр 2026-жылдын жазында отургузулат.

