26-июнь күнү саат 10:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда шаардык суу түтүктөрүн жана суу алгычын оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Таза суу аталган күнү Туңгуч кичи району, Рухий Мурас, 44 га, 50 га Кырман конуштарында жашаган калкка, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге берилбейт.