Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Old Bishkek» комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Текшерүүгө курулуш компаниясынын өкүлдөрү, Капиталдык курулуш башкармалыгынын адистери жана долбоордун архитекторлору катышты.
Учурда Чүй проспектиси боюнча бетон иштери жана буу изоляциясы аяктап, эки катмарлуу гидроизоляция орнотулууда. Жакында жерди тегиздөө, асфальттоо жана айлана-тегеректи көрктөндүрүү иштери башталат.
Мындан сырткары 250 орундуу унаа токтотуучу жайдын 60%ы бүткөрүлдү. Комплекстин курамында эки деңгээлдүү паркинг, жөө жүрүүчү аймактар бар.
«Шаардыктар Old Bishkek комплексинин ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Биз алардын үмүтүн актоого аракет жасап жатабыз. Иштер токтоосуз жүрүп, адистер күнү-түнү иштеп жатышат. Декабрь айынын аягында Чүй проспектисиндеги кыймылды толук ачуу жана комплексти эксплуатацияга киргизүү пландалууда», – деди подряддык компаниянын директору Назгүл Түлеева.

