Бул тууралуу Лос-Анжелестин Соттук-медициналык департаменти билдирди. Буга чейин 16 киши набыт болгону айтылган. Лос-Анжелесте 7-январда башталган токой өртү штаттын тарыхындагы эң эле апааттуу каргаша болуп калды. Бийликтин маалыматы боюнча, жалын 16 миң гектар жерди жалмаган. 12,3 миң ар кандай курулуш жок болду. Метеорологдор өрттү шамал да күчөтүп жатканын айтышууда.