"Эркин-Тоо"

Калк камын көргөн АЙЫЛ БАНК

ИСЛАМ ПРИНЦИБИ ЖЕ МУРАБАХА КЕЛИШИМИ ДЕГЕН ЭМНЕ?

“Айыл Банк” ачык акционердик коому 2023-жылдын апрель айынан баштап ислам принциптерине ылайык  каржылоо берүүдө.  Биз “Айыл Банк” ААКсынын адиси Касымбек уулу Кубанычбектен ислам принциптери боюнча каржылоонун өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы туурасында сурадык.

— Ислам принциптери боюнча каржылоонун өзгөчөлүгү эмнеде?

— Ислам принцибинде каржылоо шариятта жол берилген максаттарга гана берилет. Каражаттарды коом үчүн зыяндуу ишкердик чөйрөлөрүнө, мисалы, ичимдик продукцияларын, тамеки сатып алуу-сатууга, чыгарууга каржылык колдоого уруксат берилбейт. Банкта 3 адамдан турган Шариат кеңеши бар. Алар мыкты диний билим алган адамдар. Бул принцип боюнча каржылоо продуктыларын Шариат кеңеши шариятка туура келеби деп кылдат изилдеп чыгып, чечим чыгарып берет. Алар менен ар бир келишимибизди, продуктубузду тактап алып, иш алып барабыз.

— Ошондо банк өз каражаты менен ислам принциби боюнча каржылоо жүргүзүп жатабы?

— “Айыл Банк” ААКсы Ислам өнүктүрүү банкы менен 1 миллион АКШ доллар өлчөмүндө айыл чарбасына жеңилдетилген каржылоо бөлүү тууралуу келишим түзгөн, мындан тышкары Банк өздүк капиталынан дагы бул багытка каражат бөлүп берген.

— Ислам принциби боюнча каржылоону кимдер ала алышат жана шарттары кандай?

— Бул каржылоону банктык продукттардын шарттарына кызыккан, динге болгон ишенимине көз карандысыз каалоочулардын баары ала алышат. Эгерде чоң эмес суммадагы насыя болсо жарандын паспорту керек, эгер бир жерде иштесе азыр “Түндүк” системасы бар эмеспи, ал аркылуу керектүү документти өзүбүз алабыз. Кардардын документтери даяр болсо, каржылоонун көлөмү аз болсо, бир сааттын ичинде биздин адистер каржы алуу арызын карап бере алышат.

— Чоң эмес суммадагы каржылоо дедиңиз, ислам принциби менен ипотекалык каржылоо алса болобу?

— Албетте, болот. Бул каржылоо системасы менен тиричилик буюмдарынан тышкары батир, унаа сатып алууга, бизнести өнүктүрүүгө жана айыл чарбасына каржылоо алууга болот.

— Эгер кардардын кредиттик тарыхы жакшы эмес болсочу?

— Албетте, банк болгондон кийин кардардын кредиттик тарыхын карайбыз. Эгер жүйөлүү себептер менен кечиктирүүлөр болгон болсо биз аны талдап чыгып, ар бир кардардын жекече шартына карап чечим кабыл алабыз.

— Эми үстөк пайызы кандай, ошол туурасында айтсаңыз.

— Ислам принциби же Мурабаха келишими боюнча каржылоодо үстөк пайыз эмес, банктын пайдасы ачык көрсөтүлөт. Мисалы 100 миң сомго телефон аппаратын алсаңыз, банк болжолдуу түрдө айтсам 16 миң сомду кошуп, 116 миң сомду белгилүү бир мөөнөткө, айталы бир жылга бөлүп төлөө графигин түзүп берет жана Мурабаха келишиминде ачык белгиленет, 100 миң сомго телефон алынат жана Банктын кирешеси 16 миң сом деп. Каржылоо кардардын колуна накталай берилбейт, сатып алган жерге түз которулат. Унаа же батир алсаңыз деле ошондой, кардар өзү тандап, таап келген батирдин, унаанын баасына банк өз пайдасын кошуп 5-8 жылга чейинки мөөнөткө кайтарып төлөө графиги түзүлөт.

— Эгерде кардар каржылоонун мөөнөтүндө кайтара албаса туум эсептелеби?

— Мындай учурда ислам принцибинде туум эмес, айып каралган. Ал айып сумма канча болбосун аны банк өз кирешеси деп эсептей албайт. Биздин Банк менен “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фондусунун ортосунда кызматташуу боюнча келишим бар. Биз айыптардан чогулган сумманы ошол фондго которобуз.

— Ислам принциптери боюнча каржылоону башка банктар да жүргүзөт эмеспи. “Айыл Банк” ААКсынан алардан айырмачылык барбы?

— Биздин Банк жетекчилиги кардарларды колдоо үчүн шарт түзүп, жаңы жылга чейин Банктын пайдасын базар баасынан ылдый кылып, аябай эле жеңилдетилген каржылоолорду берип жатабыз. Ошондой эле өкмөттүн төмөнкү үстөк пайыз менен айыл чарбасын колдоо долбоору бар эмеспи, ошого окшош кылып Ислам өнүктүрүү банкы бөлгөн каражаттан айыл чарба долбоорлорун каржылоону сунуштап баштадык. Бул каржылоо боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөр 5 миллион сомго чейин жеңилдетилген каржылоо ала алышат.

КАРЖЫЛОО АЛУУНУ КААЛООЧУЛАРГА: Ислам принциби менен жеңилдетилген каржылоо шарттары үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин жүргүзүлөт. Эгерде зарылдыкка жараша каржылоо алууну ойлоп жүрсөңүз анда “Айыл Банк” ААКсынын ислам принциби боюнча жеңилдетилген шарттарда каржылоо мөөнөтүнө үлгүрүп калыңыз. Бүгүнкү күндө Банктын Аламүдүн, Токмок, Беловодск, Нарын, Ош-Датка, Өзгөн филиалдарында ислам принциби менен каржылоо берилип келет, ошондой эле чукул арада Банктын Араван, Каракол, Баткен, Балыкчы, Жалал-Абад, Кербен, Базар-Коргон, Талас филиалдарында ислам принциби менен каржылоо берилип башталат. Кошумчалай кетсек, Банктан апрель айынан бери 125 кардар 150 миллион сом көлөмүндө ислам принциби боюнча жеңилдетилген каржылоону алышты.    

Газдаштыруу — экологияны сактоого салым!

Бишкек шаары кыш айларында абанын булганышы боюнча дүйнөдө алдыңкы сапка чыгып, борбор шаардын тургундарын бушайман кылууда. “Айыл Банк”  Бишкек шаарында жана жалпы эле өлкөбүздүн аймагында  экологиялык абалды жакшыртууга салым кошуу  максатында «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы менен биргеликте «Кредитке газдаштыруу» продуктусун ишке киргизди.

Үйдү жылытууда отундун экологиялык таза түрү катары жаратылыш газын пайдаланууга өтүү  ар бирибиздин ден соолугубузга кам көрүү гана эмес, экологиялык абалды жакшыртып балдарыбыздын келечегине кам көргөндүк да болуп саналат.  Андыктан  таза жана сиз үчүн ыңгайлуу отунга өтүүдө эч буйдалбастан чечим кабыл алыңыз.  Бул идеяны ишке ашырууда Сизге  “Айыл Банк”   жардамга келет.

Жеңилдетилген газдаштыруу кредитинин шарттары:

Кредиттин валютасы – KGS, суммасы — 150 000 сомго чейин.

Пайыздык чени – 8- 12%,  мөөнөтү — 24 айга чейин.

Газдаштырууга жеңилдетилген кредиттер Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундарына  каралган жана 2023-жылдын 30-декабрына чейин берилет.

Биз менен ыңгайлуу жана ыкчам акча которууларды жүргүзүңүз

“Айыл Банк” эл аралык акча которуу боюнча бир нече сервис кызматтарын сунуш кылат. Ал кызматтарды пайдаланып Сиз саналуу мүнөттөрдө өзүңүз каалаган өлкөгө акча каражатын которо аласыз.

“Western Union» — бул ар кандай аралыкка, бир нече мүнөттүн ичинде акча которууга жардам берген эл аралык акча которуу тутуму. “Western Union» менен акча которуу ишенимдүү коопсуздук тутуму менен корголгон. Которуу АКШ долларында жүргүзүлөт. 200дөн ашык өлкөнүн аймагында тейлөө пункттары бар, комиссия которуунун суммасына жана багытына жараша болот.⠀

S.W.I.F.T. акча которуу тутуму — дүйнө жүзү боюнча төмөн пайыздык чен менен акча которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Бул тармактын дүйнө жүзү боюнча 11 миң уюму бар. SWIFT  ишканалар жана жеке адамдар арасында чет өлкөгө акча которууларда банктын ишенимдүүлүгүн жана которуунун коопсуздугун камсыздайт.⠀

UPT акча которуу тутуму — Түркиядан жана Европадан түздөн-түз акча которууларды алууга жана ал жакка акча жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. Бул ыңгайлуу, тез жана жөнөкөй!⠀

UPT — Түркияда акча которуулар жана төлөмдөргө арналган биринчи улуттук глобалдык тутум.

UPT – бул  бир заматта акча которуу. Ал доллар жана евро валюталарында жүргүзүлөт.

Комиссия акча которуунун суммасынан 1%ды түзөт.

“Айыл Банк менен акча которууларды  оңой, тез  жана ыңгайлуу шартта  жүргүзүңүз!

“Айыл Банк” ар дайым аракетте

Ноябрь айынын экинчи он күндүгүндө “Дасмия” этнокомплексинде  Green Expo 2023 көргөзмөсү болуп өттү. Бул көргөзмөдө “Айыл Банкы” экологиялык демилгеге, туруктуу өнүгүүгө жана жаңы технологияларга багытталган «Экопродукт» жана «Жеңилдетилген газдаштыруу»  продуктылары менен тааныштырды.  Банктын  “жашыл” өнүгүүгө арналган аймактык форумга катышуусу глобалдык  интеграцияга көмөктөшүү жана мамлекет менен  жеке сектордун өз ара аракеттенүүсү боюнча эл аралык тажрыйба топтоосуна шарт түздү.

***

2023-жылдын 15-ноябрында “Айыл Банкта”  Азия  өнүктүрүү банкынын Джакома Джаннет мырза жана Богдан Плешкевич мырза жетектеген миссиясы менен жолугушуу болду. Анда «Айыл Банк» ААК Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жанар Норузбаев жана башка банк өкүлдөрүнүн катышуусу менен  каржы секторун өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Азия өнүктүрүү банкы 2024-2025-жылдарга чакан жана орто ишканаларды жана ипотекалык каржылоону колдоого багытталган долбоорду каржылоо сунушун билдирди.

***

Ноябрь айынын биринчи он күндүгүндө Дүйнөлүк лизинг күнү белгиленди.  “Айыл Банк” Кыргызстанда лизинг операциялары боюнча калкка кызмат көрсөтүүнү банктар арасында алгачкылардан болуп баштаган. 

Лизингдик операциялар ишке киргизилгенден бери Банк 13,2 млрд. сом көлөмүндө  6 344 техниканы каржылоого жетишти.

 

 Кредиттер тууралуу кененирээк маалыматты ар дайым ab.kg сайтынан же төмөнкү номерлерден ала аласыз:

5511 (чалуу акысыз)

0312 68-00-00

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!