"Эркин-Тоо"

КАЛК КЫЗМАТЫНДА 27 ЖЫЛ: “Айыл Банк” баскан жол

“Айыл Банк” ачык акционердик коому агро секторду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруу менен бирге жеке жана корпоративдик кардарларды тейлөө, инвестициялык банк бизнесин, соода-сатыкты каржылоо жана активдерди башкаруу боюнча сапаттуу банк кызматын көрсөткөн өлкөбүздөгү ири каржы институттарынын бири.

Бүгүнкү күндө “Айыл Банкы” заманбап банк технологияларын киргизүү менен эл аралык стандарттардын деңгээлинде ийгиликтүү банк кызматын көрсөтүүдө. 1996-жылы жеке фермерлерди жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү каржылык колдоо максатында Өкмөттүн чечими менен “Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы” түзүлгөн. Айыл чарбасын каржылоонун маанисин эске алып жана айыл калкына банк кызматын көрсөтүүнүн кеңири мүмкүнчүлүктөрүн түзүү максатында Улуттук Банктын башкармалыгы 2006-жылы “Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясынын” базасында “Айыл Банк” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө чечим кабыл алган. Өткөн 27 жылдык тарыхында айыл калкын каржылык колдоодо өлчөөсүз кызмат көрсөтүү менен бүгүнкү күндө “Айыл Банкы” Кыргызстандагы №1 универсалдуу банкка айланды. Финансы институту 27 жылдан бери кыргызстандыктарга ыңгайлуу болушу үчүн дайыма инновациялык продуктуларды киргизип, жогорку кесиптик деңгээлде банктык кызматтардын кеңири спектрин сунуштап келет.

“Айыл Банктын” өзгөчөлүктөрүнүн бири – өлкөнүн эң алыскы аймактарында да кыргызстандыктар үчүн финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталган бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырып келет. Учурда “Айыл Банктын” филиалдары башкалар жетпеген алыскы аймактарга чейин жетип, калкка өз кызматын көрсөтүүдө.

“Айыл Банк” – №1

Банк 2023-жылдын 1-январына карата “Айыл Банк” банк рыногунда биринчи орунду ээлеп, 2023-жылдын июнь айына карата төмөндөгүдөй көрсөткүчтөргө жетишти:

— Активдери – 94,9 млрд сом;

— Таза кирешеси – 2,34 млрд сом;

— Капиталы – 10,24 млрд сом, уставдык капитал – 7,62 млрд сом;

— Милдеттенмелери – 84,61 млрд сом.

Банк Кыргызстандын лизинг рыногунун 90%дан ашыгын камтыйт жана дээрлик атаандашсыз, талашсыз монополист. Банк өткөн мезгил аралыгында республикабыз боюнча 5473 кардарга жалпы суммасы 10 921 156 224 сомго лизингге техника алып берди.

Калк камын көргөн Банк

Банктын негизги милдеттеринин бири – өлкөнүн экономикасынын алдыңкы жана негизги тармактарынын бири болгон айыл чарбасын өнүктүрүү.

2023-жылдын 1-июнуна карата аймактар боюнча жалпы кредит портфели – 36 млрд 2 млн сомду түздү, ал эми берилген кредиттердин саны – 94663. Кредиттердин 72%ы аймактардагы фермерлерге берилди. Бул цифра жылданжылга өсүү жолунда. Эгерде жалпы динамиканы карай турган болсок, акыркы эки жылда аймактардагы фермерлерге берилген кредиттердин көлөмү кескин өскөнүн байкоого болот:

• 2021-жылы 13,5 млрд сомго

• 2022-жылы жалпы суммасы 23,5 млрд сомго 59043 кредит

• 2023-жылдын 5 айында 9,9 млрд сомго 25684 кредит берилген.

«Айыл Банк» ААКсы көп жылдардан бери өлкөнүн агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып, өлкөнүн айыл жеринде жашаган калкынын олуттуу бөлүгүнө жана фермерлерге насыя алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып келет. Мамлекет менен тыгыз кызматташып, акыркы 10 жылдын ичинде банк 50 миңден ашык адамга 22,9 млрд сом өлчөмүндө кредит берди. Айыл банк Өкмөт менен бирге кыргызстандыктарга кам көрүп, банк продуктуларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып, фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүүнү ишке ашырууда.

2022-жылы 4,5-6% үстөгү менен 4,16 млрд сом көлөмүндө 5 миңден ашык кардарга жеңилдетилген кредит берилди. Ал эми бул көрсөткүч 2023-жылдын 5 айында 1,95 млрд сомду түзүп, 3 миң кардарды камтыды.

“Банк төмөнкү долбоорлордун алкагында жеңилдетилген кредиттерди берет:

— «Айыл чарбасын каржылоо – 11» — (6% менен)

— «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» — (6% менен)

— «Товардык кредит» — (4,5% менен)

Мындан тышкары, Банк «Финансылык жардам» долбоорунун алкагында кредиттик продуктуну ишке киргизген. Программа COVID-19 пандемиясынан улам кризистик кырдаалга туш болгон чарбалык субъекттерди финансылык колдоого арналган. Бул багытта долбоорду ишке ашыра баштагандан бери Банк тарабынан 2404 адамга жалпы суммасы 1 млрд 342 384 539 сомдук үстөк пайызсыз насыялар берилген.

“Айыл Банк” кардарларга жеңилдик болсун үчүн 2023-жылдын 1-октябрына чейин улуттук валюта менен берилчү “Айыл чарба”, “Өндүрүш кредит”, “Тиричилик” багыттарындагы кредиттик продуктулардын үстөк пайызын төмөндөттү. Демек, кардарлар бизнес жана керектөөчүлүк кредиттерди, анын ичинде ипотекалык кредиттерди да салыштырмалуу төмөндөтүлгөн пайыз менен ала алышат.

“Айыл Банк” сиздер менен бир сапарда

Заман агымы менен бирге кадам шилтеп, Банк салттуу банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары, бүгүнкү күндө инновациялык финансылык продуктуларды, анын ичинде «AБ24» технологиялык мобилдик банкингди сунуштайт.

Тиркеме өз колдонуучуларына көптөгөн транзакцияларды жүргүзүүгө, мамлекеттик жана коммуналдык төлөмдөр үчүн жөнөкөй төлөмдөн баштап, 800дөн ашык кызматтарга төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле Россияга акча которууларга жана реалдуу убакыт режиминде депозит ачууга болот. Мындан тышкары, кызмат көрсөтүүлөрдү жана продуктуларды санариптештирүү боюнча пландарын ишке ашырууда. Банк заманбап финансылык инструменттерди ишке киргизди, атап айтканда: аралыктан идентификациялоо, QR-код аркылуу төлөө, онлайн насыяга арыз толтуруу.

Банк жетишкен ийгиликтер менен эле токтоп калбай, 2023-жылы бир катар масштабдуу долбоорлор ишке ашырылды:

• Ислам принциптери боюнча каржылоо;

• Айлык акы долбоорунун катышуучуларына 100 миң сомго чейин онлайн кредиттерди берүү;

• Жеке жана юридикалык жактар үчүн интернет банкингди илгерилетүү.

Банктын алдында бир катар маанилүү маселелерди ишке ашыруу милдети турат:

• Visa эл аралык төлөм системасы менен өнөктөштүктү илгерилетүү;

• Банктын кошумча филиалдарын ачуу.

“Айыл Банк” – өз элинин каада-салтын терең урматтаган, кардарларга кам көрүү менен эртеңки күндү ойлогон, сиздин туруктуу жана ишенимдүү өнөктөшүңүз.

«Айыл Банк» – Сизге жакын!

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!