"Эркин-Тоо"

Калкты тейлөө борборлорунун иши сынга алынды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев калкты тейлөө борборлорунун ишмердүүлүгүн сынга алып, жарандарды кезек күтүп кыйналышканын билдирди.

“Айрыкча борбор калаабыздагы калкты тейлөө борборлорунун иши элдин көп нааразычылыгын пайда кылууда. Эртең менен саат тогузда баргандардын кезеги түштөн кийин эки-үчтө жетип, жарандар беш-алты саат күтүп, убара тартышууда. Биз баардыгын санариптештирип, жөнөкөйлөштүрүп, калк үчүн жеңилдетебиз дегенибиз менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги ишти абдан начар алып барууда”, – деди төрага. Буга байланыштуу аталган министрликке  тапшырма берилди.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!