Бельгия мамлекети калкынын 70% коронавируска каршы эмдегени менен, COVID-19 менен ооругандардын саны өлкөдө 4%га өскөн.
Бельгиянын бийлиги калкты коронавируска каршы жапырт эмдөө программасынын алкагында 18 жаштан жогорку курактагылардын 70,1%на вакцина сайып жетишишкени менен, өлкөдө вирус кайрадан күч алып, ооругандардын саны 4%га жогорулаган. Бул тууралуу Sciensano саламаттык сактоо улуттук институту билдирди. Буга чейин Европа комиссиясы ЕБге (Европа өлкөлөрүнүн аймактык саясий жана экономикалык бирикмеси) кирген өлкөлөрдүн баардыгында кылктын 70% эмдөө аркылуу коронавирустун жайылышын басаңдатуу үчүн жамааттык иммунитет иштеп чыгуу маселесин койгон болчу. Бүгүнкү күндө ЕБге кирген мамлекеттердин жалпы калкынын 57% пайызы толук эмдөөдөн өтсө, 70% пайызы вакцинанын биринчи дозасын алышкан.
Ал эми Бельгияда болсо вакцинанын биринчи дозасын алгандар 83,3%га жетсе (8 миллион адам), эмдөөдөн толук өткөндөр 70,1%ды түзөт (6,5 миллион адам). Илдеттин жайылышы боюнча Фландрия (73%) биринчи орунда турса, Брюссель (53%) тизмеде акыркы орунду ээледи. Sciensano институтунун билдирүүсүндө 23-июлдан 29-июлга чейин Бельгияда коронавируска чалдыккандардын саны 4%га өскөн (бир суткада 1 469 адамдан вирус аныкталууда). Илдетке кабылып, ооруканаларга түшкөндөрдүн саны 23%га өстү (орто эсеп менен бир күндө 33 адам). Өлкө боюнча ооруканаларда учурда 318 адам дарыланышууда (+10%), анын ичинен 93 бейтап реанимацияда жатышат (+12%). Адамдардын өлүмү бул жумада 114%ды түздү (б.а. коронавирустан өлкөдө бир күндө орто эсеп менен 2 адам каза болууда, бул өткөн жумага салыштырмалуу адам өлүмү өстү дегенди билдирет). 2020-жылдын март айынан тартып Бельгияда COVID-19дан жалпы 25 235 адам каза тапкан.
Медиктер көрсөткүчтөрдүн акыркы жумадагы мындай өсүүсүн — бельгиялыктардын эпидемиологиялык кырдаалы курч кармалган башка мамлекеттерге барып, ал жактан вирус жугузуп келип жатышкандыгы менен түшүндүрүшүүдө. Антверпена унивеситетинин жүргүзгөн талдоосуна ылайык, чет мамлекеттерге чыгып келген бельгиялыктардын 30%ы барган өлкөлөрдө санитардык абал начар экендигин айтышкан.