Канаданын калкынын санынын көпчүлүк бөлүгүн улгайып калган адамдар түзөт. Буга байланыштуу бир муун жапырт пенсияга чыга баштагандыктан өлкөнүн экономикасында кыйынчылык башталгандай. Себеби, өндүрүш, ишканаларда кадимки эле жумушчу күчтөрү жетишпей жаткан учур. Канада федералдык бийлиги өлкөнүн экономикасына керек болгон жумушчу күчтүн ордун иммиграциянын эсебинен толтурууга белсенип, 2023-жылдын январынан баштап 2025-жылдын аягына чейин жыл сайын 500 миң иммигрантты кабыл алууну пландап жатканын билдирди. Ошондой эле билдирүүдө жакынкы үч жыл аралыгында Канаданын калкы жалпысынан 1,5 миллион адамга көбөйүшү керектиги белгиленген.