Жайыл районундагы Полтавка айыл аймагы учурда ар тараптуу өнүгүүгө багыт алган айыл өкмөттөрдүн бири. Жайыл районунун борбору болгон Кара-Балта шаарынан 8, борбор калаабыз Бишкектен 52 чакырым алыс аралыкта жайгашкан бул айыл аймакта көп улуттун өкүлдөрү ынтымакты туу тутуп, адал эмгектери менен алдыга умтулушуп, жашоонун бактылуу секилерине жетүүгө аракеттенип жатышат. Союздун дуулдап турган учурунда Полтавка чоң жетишкендиктери менен башка чарбаларга үлгү болуп, атагы алыска тараган. Азыр Полтавка айылы кайрадан жаралып, “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” — деген накыл кепти далилдеп турган чагы.
Полтавка айыл өкмөтүнүн башчысы Азаматов Калыс Болотбекович карапайым элдин түйшүгүн артынып, мамлекет жетекчилиги тарабынан коюлган милдет-тапшырмаларды аткаруу үчүн тыным албай чапкылап жүргөн чагы. Биз аталган аймакта болуп, Калыс Болотбековичтин аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн жасап жаткан аракеттери менен таанышып, маектешип келдик. Маектешүү учурунда айылдыктардын жашоотурмушун жакшыртууга болгон аракеттер туурасында сөз болду.
— Калыс мырза, Полтавка айыл өкмөтүнүн ишин жакшыртууда көп аракеттер көрүлүп жатыптыр. Учурда кандай иштер аткарылып, кандай ийгиликтер, кемчиликтер болду? Ушул туурасында айтып берсеңиз?
— Учурда 2022-жылы аткарылган бир жылдык отчетторубуздун жыйынтыгын чыгарып алдык. Өткөн жылы айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджети 11 млн 400 миң сом болчу. Иш жүзүндө бюджеттин планы 19 млн 800 миң сомго аткарылды. Бул көрсөткүч план 162 пайызга аткарылды деген сөз. Ушул аткарылган бюджеттин негизинде Полтавка айыл өкмөтү 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча дотациядан чыктык. Жайыл районунда бир гана ушул Полтавка айыл өкмөтү 2022-жылда аткарылган милдеттердин, ийгиликтердин негизинде өзүн-өзү каржылоого өттү. Чынында бул абдан чоң жетишкендик. 2023-жылга карата бюджетибизди 21 млн сом суммасында бекитип жатабыз. Мурункуга салыштырмалуу бюджетибиз эки эсеге көбөйдү. Мындан сырткары, өткөн жылы бир катар жакшы иштер жасалды. Президентибиз Садыр Жапаровдун Жарлыгы боюнча “Жашыл мурас”, “Таза мурас” деген долбоорлор иш жүзүнө ашты. “Жашыл мурас” долбоору боюнча Полтавка айыл өкмөтүнүн аймагына 1670 түп бак тигилди. Бүгүнкү күндө отургузган бактарыбыз өсүп калды. Аталган “Жашыл мурас” долбооруна бир гана Полтавка айылы эле эмес, айыл өкмөткө кирген үч айыл, алардын жашоочулары өз салымдарын кошушту. Андан сырткары Президентибиздин тапшырмасы боюнча 2022-жылдын жыйынтыгы менен он үй-бүлө жер мунапысы боюнча кызыл китептерин алды. Алар тээ 1990-жылдан бери кызыл китептерин ала албай кыйналып келишкен.
— Социалдык объектилердин абалы, алардын калкты тейлөөсү кандай болууда?
— Социалдык блокту карай турган болсок, ушул эле айылдагы Полтавка орто мектебинин айланасын темир курчоо менен тосуп чыктык. Ага 710 миң сом сарпталды. Полтавка орто мектебине 120 орунга 4 кабинетке толук эмерек алып бердик. Ал жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашты. Айылда өзүбүздүн маданият үйүбүз бар. 2005-жылдан бери ал маданий жайыбыз көңүл сыртында калган. Бирок, быйыл жергиликтүү бюджеттен 472 миң сомго театрдык орундуктар алынды. Мындан сырткары Малтабар айылы толук кандуу жарыктандырылды. Мурун Полтавка айылы 50 пайыз гана жарыктандырылган болсо, эми ал жак дагы толук жарыктандырылды. Мындан сырткары Малтабар орто мектебине 1 млн 800 сомго эшик, терезелерин толук алмаштырдык. Бул иш-чараны кайрадан эле ошол эле Жайыл райондук өнүктүрүү фонду менен биргеликте иш жүзүнө ашырдык. Айтор, ушул сыяктуу бир топ жакшы иштер жасалды. Бирок, биз эң негизги басымды элдин жашоо-шартын оңдоого багытталган иш-чараларга жасап жатабыз. Жакырчылыктан чыгарууга толук шарт түзүүнүн аракетиндебиз. Алсак, он үй-бүлөгө 5 гектардан 5 жылга ижарага айдоо жерлерин бердик. Ижара акысынын баасын эң төмөн баада. Ага кошумча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө дайыма көмүр таратып турабыз. Көп балалуу үйбүлөлөрдүн балдарын мектепке даярдап, аларга окуу куралдарын алып беребиз. 2023-жылга дагы абдан чоң, жакшы пландарыбыз бар. Аны ишке ашырууга учурда белибизди бекем бууп киришүүдөбүз.
— Айыл өкмөткө кошумча курулуштарды куруу зарылчылыгы барбы?
— Курулуш иштерин колго алуу – айыл өкмөтүнүн артыкчылык берген багыты болуп эсептелет. Аймагыбызга АРИС аркылуу бала бакча курулган, өткөн жылы октябрь айында ишке кирди. Бул бала бакчаны куруу үчүн 37 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Анын 33 млн сому АРИС тарабынан, калганы жергиликтүү бюджеттен каржыланды. Жаңы имараттарды куруу боюнча ФАП курууга өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүү. Бул ишти былтыр эле баштаганбыз. Буюрса апрель айында ишти улантабыз. Андан сырткары Элдик курултай болгондо эл менен биргеликте көйгөйлөрдү көтөргөн элек. Анда биздин Полтавка орто мектеби 600 орунга ылайыкталып курулгандыгын, бирок, учурда мында 1300 бала билим алып жаткандыгын элибиз айтып чыккан. Окуучулардын саны көп болгондуктан, үч нөөмөттө окууга аргасыз. Ошондуктан, ушул айылга башталгыч класстын окуучуларына жаңы корпус куруу зарылчылыгы турат. Тиешелүү тарапка кайрылып, болгон күч-аракетимди жумшап жатам. Мындай карап келгенде 2022-жылы бюджеттен сырткары 47 млн сом инвестиция алып келиптирбиз.
— Дотациядан чыгууга кимдер көмөкчү болушту?
— Акча каражаттарын көбөйтүүнүн аракеттерин жасап, абдан жакшы иштедик. Акча алып келе турган булактар биздин салыктардын жыйымы болду. Салыктар көбөйдү. Андан сырткары Полтавка айыл өкмөтүнө тиешелүү 1605 гектар фонддун жерлери бар болчу. Ошону аукционго чыгарып, ижарага берип, 9 млн сом чогулттук. Эми бюджетибизди эмки жылы 25 млн сомго көтөрүүгө аракеттер бар. Ага бизде толук шарт бар.
— Биз билгенден сиздер асыл тукум мал чарбачылыгына кызыгып, “Сандан сапатка” деген ураан алдында иштеп жатканыңызды билебиз. Бул багытта кандай жаңылыктарыңыз бар?
— Уруктандыруу боюнча долбоорубуздун алкагында жергиликтүү элге асыл тукум малдын уруктарын алып бердик. Бул иштер сандан сапатка өтүү максатында жасалган болчу. Полтавка айылынын күжүрмөн эли негизинен дыйканчылык менен алектенип, мал багып жан багышат. Ошону менен катар 50 чакырым алыстыктагы борбор калаабыз Бишкекке, 9 чакырым алыстыктагы район борбору Кара-Балта шаарына барып-келип иштешет. Тейлөө чөйрөлөрүндө эмгектенишет, базарларда соода кылышат. Бирок, эмне менен алек болушпасын жер иштетүү, мал багуу менен тиричилик кылуу биринчи орунда турат. Мал чарбасын өнүктүрүү жакшы деңгээлге чыгып калды. Айылдыктардын короосуна баш баксаң эт, сүт багытындагы асыл тукум уйларды, койлорду багышып, сандан сапатына маани берип калышкандары дароо байкалат. Аймактагы калктын 80-90 пайызы сүт багытындагы асыл тукум уйларды багышып, анын азыктарын сатуу менен алек болушууда. Элибиз жасалма уруктандыруу ыкмасына басым жасашууда. Ошондуктан ушул багытта долбоор жазып, жасалма уруктандыруунун кызматын акысыз кылдык. Аймактардагы жашоочуларга уйларын жасалма уруктандыруу үчүн шарттар түзүлдү. Биздин аймактагы дыйканчылык багытындагы айдоо жерлерибиздин абалы башка аймактардагы жерлерге караганда бир топ жакшы экендигин бардыгы билишет. Дарбыз, коон, кызылча, сабиз ж.б. базарда эмне жашылча-жемиштер болсо ошонун баары бизде өсөт.
Биздин аймактагы ижарага бериле турган жерлерибиздин ижара акылары мурунку жылдарга салыштырмалуу өстү. Учурда бир гектар жер башка аймактарда 15 миң сомдун айланасы болсо, биздин аймакта 30 миң сомду түздү. Анткени, жердин түшүмдүүлүгү жогору. Былтыр болсо жерлерди ижарага берүүдө бир жылга бир гектар жер 49 миң сомдон берилип, рекорд коюлду. Өзгөчө баалуулуктагы 30 гектар жер башка аймактардагы дыйкандардын кызыгуусун жаратып, ушундай жогору баага берилип калган экен. Ал эми жергиликтүү калк ал жерлердин ар гектарын 30 миң сомдун айланасында ала алышат.
— Айыл аймагында таштанды маселелери кандай чечилүүдө?
— Албетте, таштандылар айыл аймактардын эле эмес, бүтүндөй Кыргызстандын чоң маселелеринин бири болду. Алгач айыл өкмөт башчысы болуп келгенимде эле таштандылар маселесин азайтуу үчүн муниципалдык ишканабыз айылдарды таштандылардан арылтууга чоң салымын кошууда. Жайыл районунун Өнүктүрүү фонду менен биргеликте долбоор жазып, 3 млн 700 сомго заманбап таштанды ташуучу унаа алынып берилген. Атайын жумушчу орундары түзүлгөн. Айылдаштарыбызга: “Күн сайын силер топтоп койгон таштандыларды терип кетишет. Силер акчасын төлөйсүңөр”, — деп айтып, аны ишке ашырдык.
Жайыл району боюнча биздин айыл аймакта эле таштандыларды үйлөрдөн чогултуп, алыс алып барып полигонго ташташат. Бирок, жай мезгилинде таштанды маселесинен көп жагымсыз жагдайлар пайда болот. Анткени, ушул мезгилде айланатегеректин баары эле таштандыларга толуп чыгат. Малжаныбарлар адамдарга караганда таза болушат эмеспи. Жүргөн жерлеринде изи калбайт, таза. Адам баласы болсо жүргөн жерлеринде табиятты булгап, сындырып, бүлдүрүшөт экен. Жаз, жай мезгилдеринде көчөлөрдүн, тротуарлардын жээктери балмуздактын кагаздарына, суусундуктардын бөтөлкөлөрүнө толуп кетет. Ошондуктан биз ар жуманын акырында жапырт сыртка чыгып, ишембилик өткөрүп турабыз. Кыш мезгили суук болсо дагы ошол мезгилде ишембиликке чыгып жаттык. Менин оюмча ошол балмуздак, суусундуктарды даярдаган ишкерлер таштандыларды–желим бөтөлкөлөрдү, жалтыраган кагаздарды кайрадан иштете турган ишканаларды ишке киргизсе, таштандылардан арылат элек. Аң-сезимдер өзгөрүлмөйүнчө адамдардын таштандыларга жасаган мамилелери деле өзгөрбөйт окшойт.
— Жолдор оңдоого муктажбы?
— Айылыбызда жолдор оңдоого муктаж. Андан сырткары ушул эле Жайыл райондук Өнүктүрүү фонду менен биргеликте иш алып барып, долбоор жазып жатып жолдорду түздөөгө шарт түзүп бере турган 7 млн 300 миң сомго автогрейдер алдык. Өткөн жылы жаз айларында жогорку бийлик өкүлдөрү аймактарда болушуп, эл менен жолугушуп, алардын көйгөй дооматтарын угушту. Апрель айынын башында КРнын Башкы прокурору К.Зулушев баштаган топ Полтавка айыл аймагынын эли менен жолугушту. Ошондо алар аймак ичиндеги жолдор оңдоого муктаж экендигин, акыркы 2 жыл ичинде чуңкурларды, көнөкчөлөрдү бүтөп коюу иштери дагы болбогондугун айтышты. Бул аймак ичиндеги жолдор райондук маанидеги жол болгондуктан айыл өкмөттүн эсебинен оңдоптүзөөгө болбойт. №40 жол тейлөө мекемесине ушул жолдор карайт. Бирок, алардын тармагында дагы реформалоо иштери уланып жаткандыктан алдыда көп иштер бар. Үстүбүздөгү жылдан баштап ушул жол тармагы айыл өкмөттүн көзөмөлүндө оңдоо иштери күч алынаары күтүлүүдө. Бюджеттен 1 млн сом ички жолдорду оңдоп-түзөөгө бөлүп бердик. Андан сырткары 1 млн сомго айыл ичиндеги аң-чөнөктөрдү оңдойбуз.
— Маданият жана спорт тармактары кандай өнүгүүдө?
— Маданият – коом күзгүсү. Элибизди дүйнө жүзүнө таанытып жаткан маданият менен спорт деп эсептейм. Ушул мезгилге чейин маданиятыбызга азыркыдай көңүл бурулган эмес. Маданият кызматкерлеринин айлык маянасы жогорулап, алардын ишке болгон кызыгуусуна стимул пайда болду. Биздин аймакта дагы маданият жаатында иштер жүрүп, маданият тармагынын жеткиликтүү иштөөсү үчүн шарттарды түзүп берип жатабыз. Ушул убакка чейин украин диаспорасынын хор кружогу иштеп келет. Балдарыбыздын таалим-тарбиясына таасир бере турган мультфильмдерди, көркөм фильмдерди көрсөтүп туруу үчүн кинотеатр ачууну пландап жатабыз.
Биздин айылдан маданият тармагына таанымал болгон инсандар көп. Алардын ичинен Гүлжамал Таабалдиева, Гүлнара Бектурганова, Кубанычбек Мийникеев аттуу ага-эжелерибиз республикалык кароо-сынактарда байгелүү орундарга ээ болуп жүрүшкөн инсандар. Биз алар менен сыймыктанабыз.
Жайыл районунун Полтавка айыл өкмөтүнүн башчысы Калыс Болотбековичтин эл жүгүн артынып, аймакты алыска таанылтып, ийгиликтерди жарата бере тургандыгына ишенебиз. Калыс Болотбекович, иштериңизди ийгиликтер жылоолоп, эли-журтуңуз менен бакубат турмушта, бактылуу өмүр сүрүңүздөр!
КААРМАН ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ
Жайыл районундагы Полтавка айыл өкмөтүнүн башчысы Калыс Азаматов ушул эл түйшүгүн аркалаган жооптуу кызматына келгенге чейин эле даңкы алыска угулган айыл элинин бакубат жашоосу үчүн атуулдук позициясын патриоттук сезими менен айкалыштырып келген. Ошондуктан айылдаштары дагы жаш болсо деле омоктуу ойлору, келечек үчүн жасаган чечкиндүү аракеттери менен көрүнгөн Калыс мырзаны терең урматтап, аны тарбиялаган ата-энесине ыраазычылыктарын билдиришчү. Азаматов Калыс Болотбекович 1986-жылы Полтавка айылында туулупөскөн. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. 2007-жылы орто мектепти аяктап, андан кийин Ж.Баласагын атындагы КУУнун укук факультетин бүтүргөн. Жаш кезинен эле ишкердик менен алектенип, чет мамлекеттерде болуп, билим алуу менен бирге тажрыйба топтогон. Туризмдин өнүгүүсүнө салым кошуп, мейманканаларды негиздеп, дүйнөлүк стандарттын алкагындагы тейлөө кызматтарын уюштурган. Алматы, Каракол, Бишкек шаарларында мейманкана тибиндеги бизнесборборлорун иштетип, ийгиликтерге жетишкен. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине адис болуп ишке орношот. 2017-жылы Полтавка айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланат. 2021-жылы кайрадан айылдык кеңештин депутаты болуп, бир айдан соң айыл өкмөт башчысы болуп шайланган.
Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА
№12 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-февралы