"Эркин-Тоо"

“КАЛЫС СӨЗҮН АЙТА АЛБАЙ, КАРТ БУЗУЛАТ САК БОЛГУН…”

Кыргыз Республикасынын адабият күнүнө карата Улуттук Жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган “Алтын калем” сыйлыгынын жеңүучулөрүнө сыйлык тапшыруу аземи  12-декабрда Алыкул Осмонов втындагы китепканада өтүп, лауриаттардын аты-жөнү коомчулукка маалым болгон убакыттан баштап акын-жазуучулар арасында калыстар тобунун калыс эмес чечимине наразы болгондордун үнү интернет булактары аркылуу социалдык тармактарда айтыла баштады эле. Чындыгында маани бербей деле койчу майда маселе болчу. Акын-жазуучулар ички көйгөйүн ич-ара чечип алса болмок. Бирок, “Алтын калем” сыйлыгын жомоктогу жез кемпирдин шыпыргысындай пайдаланып, көрүнгөн минип алып, көйкөлүп учуп жүргөнү коомчулукту бир топ иренжитти.

Өзүлөрү руханий дөөлөттөрдү жаратабыз деп жүргөн акын-жазуучулардын бүгүнкү абалы ушул болсо, коомдун башка катмары жөнүндө, коррупцияга кекиртегинен малынган көр пенделер туралу сөз кылбай койсок деле болчудай. Мамлекет тарабынан 100 000 (жүз миң) сомдон ар бир лауриатка акчалай сыйлык бөлүнүп, сакасынан чүкөсүнө чейин саясатташкан коомчулуктун пикирин бир аз болсо да чыгармачылык дүйнө аркылуу адеп-ахлакка буруп, адабият айдыңындагы жаштарга “Алтын калем” аркылуу стимул жаратып, чыгармачылыкка шыктандыруу максатында уюштурулган конкурстун жыйынтыгы КР Улуттук жазуучулар союзунун нагыз жүзүн ачып берди. Бул бир сөз менен айтканда Маскарапоздуктун жеткен чеги. Мындан өткөн маскарапоздук болушу да мүмкүн эмес.

Конкурсанттардын арасында жашы 70тен ашып калган аксакалдардын неберелери менен тең улан-кыздарга аралашып жарышка түшүп, жулкунуп жүргөнү бир топ калпыс көрүнүш. Адабий чөйрөдө Эл акыны, Эл жазуучусу деген наамдан бийик даража болбосо керек. Мен Абдиламит Матисаков акемин чыгармачылыгын сыйлайм, бирок “Матисаков” деген адабий мектептин ээси, Кыргыз Эл жазуучусу Абдиламит Матисаковду Кыргызстандын  “Алтын калем” конкурсунан эмес, дүйнөлүк алкактагы адабий конкурстардан байге утуп келишин каалайт элем. Эгерде “Матисаков” мектебинин жаш калемгерлери ушул конкурстан утуп чыкса, анда Абдиламит Матисаковго азыркы 100 000 (жүз миң) сомдук сыйлыктан жүз эсе көп пайда да, абырой да алып келмек. Адабий сын жаатында айла жок. Бүгүнкү күндө саналуу адабиятчыларыбыз бар. Негизинен улуу муун калыстыгын көрсөтүп, жаштарга жол берип, калыстар тобунун катарында отурса жарашмак. Бүгүн неберелери менен тең улан-кыздарга аралашып билек-багелегин түрүнө  жарышка түшкөн ак саамай кемпирлер менен сары тиш абышкаларга Молдоакмат Бапаковдун фонунда аман эле болгула дегенден башка сөз айтуу да мүмкүн эмес. Бу кебетеңер менен калыс сөз айтуу силердин шыбагаңарга буюрубагынын көргөздүңөр.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу башында турган “Алтын калем” конкурсунун Калыстар тобу, лауриаттарды тандоо кандай критерийлердин негизинде жүргүзүлгөнүн, башкасын айтпаганда да Молдоакмат Бапаков кантип “Алтын калем” сыйлыгын алып калганын Жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда пресс-конференция өткөрүп, жалпы журтка түшүндүрүп берүүгө милдеттүү. Калыстар тобунун мүчөлөрү өзүлөрү да конкурсант болуп катышып, байге алыптыр деген божомол сөздөр да угула баштады. Калыстар тобунун курамы толук ачыкталуусу зарыл. Кыргыздын белгилүү журналист, акын кызы Элмира Ажыканова менен чыгаан акын Өмүрбек Тилебаевдин фейсбук социалдык баракчаларындагы аргументтүү-фактыларга назар салыңыз:

Элмира АЖЫКАНОВА

  1. 12. 2023-жыл.

Татыктуулар дайыма сыйлык алсын, таланттуулар дайыма баалансын. Биз кубанычта болобуз.

Поэзия боюнча «Алтын калемге» татыган акыныбыз М. Бапаков тууралуу суроо салсам аны мактагандар чыгышты. Мейли, чын эле мыкты болсо мактоо керек. Бирок бирөөлөрдөн уурдап көчүрүп «мыкты» болуп жүрсөчү. Анын плагиаттыгын калыстар тобунун мүчөлөрүнүн бири да билбесе не кылуу керек???

Кыскасы, М. Бапаков «Алтын калем» сыйлыгын өткөрүп берсин!!! Уюштуруучулар жана калыстар элден кечирим сурашсын!!! Калыстар кимдер экенин жарыялагыла!!!

СЕН

Селт эттим, добушуңдан чочугандай,

Жүргөндө жүрөк муңун өчүрө албай,

Отузда ойноп кеткен махабаттын,

Күнөөсүн келатканда кечире албай.

Сен болуп кайта жанып сагынычым,

Сезимден оргуп чыкты жалынычым.

Сен балким, менден качкан бак-таалайдын,

Адашып кайра тийген жарыгысың.

Канакей, жалыныңа жалга мени,

Арзууңду актабасам арман эми…

Өмүрдө мени алдаган аялдар көп,

Тек гана сен алдоочу болбо мени…

Молдоакмат БАПАКОВ

Селк еттiм дауысынан шошығандай,

Жүр едiм өз мұңымды өшiре алмай.

Жиырмамда алдап кеткен махаббаттың

Kүнәciн әлi күнге кешiре алмай.

Сен болып қайта жанды-ау сағынышым,

Бәлкiм, тар маңдайымның бағымысың?!

Бәлкiм, сен менен қашқан махаббаттың

Ойланып қайта соққан шағымысың?!

Сол болсаң, қолыңды бер, жүр, қарағым,

Сен барған жерге мен де бip барамын.

Көл едiм тасымаған, тасыттың ғой,

Бақша едiм бағы тайған, гүлге орадың.

Кәнеки, жалыныңа жалға менi,

Күтiп тұр пәк махаббат, арман елi.

Өмiрде менi алдаған адамдар көп.

Тек қана сен алдаушы болма менi!

Мухтар Шаханов

 

Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ

  1. 12. 2023-жыл

«Алтын калем» сыйлыгы, же адабияттагы плагиаттык жөнүндө

Жазуучулар Союзу уюштурган «Алтын калем» сыйлыгын алган авторлордун арасында адабий журтчулукка аты белгисиз Молдоакмат Бапаковдун болушу көпчүлүктү таң калтырды. Ал тууралу өз алдымча изилдеп эч нерсе таппай олтурсам акын, журналист кызыбыз Элмира Ажыканованын посту чыгып калды. Элмиранын постуна үн кошуп «Жазуучулар Союзу Молдоакмат Бапаков жөнүндө маалымат берсин. Чыгармаларын жарыяласын» дедим. Көп өтпөй Бапаковдун көлөмдүү ырлар топтому чыкты.Бапаковдун ырлары жедеп уйкаш кууган, сөздү самандай сапырган, эч бир жаңы ой, идея, жаңы салыштыруулар жок, ортосаар акындын ырлары экен. Чыдап окуп олтуруп «Сен» деген ырына келдим. Бул ырды башта кайсы акындын китебинен окудум эле деп бүкшүмөлдөй баштадым. Негедир тааныш. Турар Кожомбердиевдин ыры беле, же Жолон Мамытовдун ырыбы? Үчүнчү ирет окудум да, так эстедим. Бул ыр казактын көк жал акыны, менин устатым Мухтар Шахановдун ыры эмес беле? Көп жыл мурда өзүм кыргызчага которбодум беле? О, эсиңе жара чыккыр деп өзүмдү бир сыйра тилдедим. Анан Мухтар Шахановдун китеп текчемде турган он китебинин баарын үстөлүмө алып келдим да, ар бир китепти бирден барактап бул ырды издей баштадым. Кашайып жок. Кайда кеткен? Акыры таптым. Мухтар Шахановдун 1993-жылы Алматынын «Жазушы» басмасынан жарык көргөн «Доор дастандары» деген китебине чыккан ыры экен. Ыр «Махабатты коргоо, же ашыктык жазган каттардан» деген топтомго кирген.

Анан Молдоакмат Бапаков сыяктуу ыр ууруга, болгондо да казактын баатыр, кайсар акыны Мухтар Шахановдун ырын уурдаган плагиатка абройлуу «Алтын калем» сыйлыгын берүүгө болобу?..

Өмүрбек Тиллебаев.

“…Салкын тоону кыян жууп,

Салт бузулат сак болгун,

Каада түгөп, ар түгөп,

Калк бузулат сак болгун,

Калыс сөзүн айта албай,

Карт бузулат сак болгун…” деп кайран Кетбука ушуну айткан белем?!

 

 

Бахпурбек АЛЕНОВ

№99 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 15-декабры

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!