"Эркин-Тоо"

«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча үч тараптуу жолугушуу өттү

5-сентябрда Бишкекте «Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо долбоорун биргелешип ишке ашыруу жөнүндө» макулдашуу долбоорун даярдоо боюнча жолугушуу өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын тармактык жана энергетикалык ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын башында аталган үч өлкөнүн энергетика министрлери тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну жана пайдаланууну ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюлган.

ГЭСтин кубаттуулугу 1 миң 860 мегаватт болот. ГЭСтин суу сактагычынын көлөмү 5,4 млрд куб метрди түзөт. Станция жыл сайын орто эсеп менен 5,6 млрд киловатт саат электр энергиясын өндүрөт. Долбоорду 2025-жылдын аягына чейин ишке ашыруу пландалууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!