“Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга өкмөттөн жалпысынан 1,5 миллиард сом каралган, 817 миллиону быйылкыга бөлүнүп, анын 617 миллиону пайдаланылган. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 23-октябрдагы жыйынында билдирди.
«Бюджеттен жалпысынан 1 миллиард 355 миллион сом каралган. Анын 817 миллионун быйыл сарптайбыз. Бүгүнкү күндө Камбар-Ата аянтына чейинки жол салынып жатат. Жумушчулар үчүн шаарча салынат. Андан сырткары тоннел менен көпүрө салынып жатат. Алына турган насыянын жалпы суммасы беш миллион доллар. Анын ичинде үч миллиону пайызсыз насыя, калган эки миллиону грант. Төлөө мөөнөтү 50 жыл, анын ичинен жеңилдетилген мөөнөтү 10 жыл»,-деди министр.

