Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, ишке киргизүү жана пайдаланууга берүү долбоору боюнча инвесторлордун сунуштарын изилдөө боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Отурумда “Электр станцияларын куруу дирекциясы” ААК тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууну тездетүү максатында, бул долбоорго улуттук долбоор статусун берүү сунушу киргизилди.
Бакыт Төрөбаев жыйындын катышуучуларына Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна потенциалдуу инвесторлорду тартууга чакырды.
Бул багытта, Финансы министрлигинин өкүлдөрү Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Корея банкы жана бир катар эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Мындан тышкары, отурумда КР Президентинин катышуусунда жалпы каржы институттарына долбоорлорду презентациялоо сунушу айтылды.
Белгилей кетсек, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун Жол картасына кол койгон. Анда Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоордогу жалпы кубаттуулугу 1860 МВт жетип, жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө.