"Эркин-Тоо"

“Камбар-Ата” ГЭСи жана CASA-1000 долбоору кандай пайда алып келет?

Көпчүлүк суктанган биздин өлкөбүз көк тиреген аска-тоолордон, анын башындагы ак калпак сындуу мөңгүлөрдөн турат. Мөңгүлөр бул – суу. Суунун өзү – өмүрдүн булагы. Ошондой эле гидроэлектр станцияларды куруп, пайдаланууга болот. Бизде ага ыңгайлуу шарттар бар. Бирок, суунун башында туруп, ал мүмкүнчүлүктү толук пайдалана албай келдик. Эгемендүүлүктү алгандан берки мезгилдеги өзүнүн гана жеке кызыкчылыгын ойлогон жетекчилер жаңы ГЭСтерди курмак мындай турсун, Союз маалында салынган электр станцияларды жакшыраак карабай, шалдыраган абалга жеткирди. Анын азабын кыш келген маалда тартып, миллиондогон каражат коротуп, электр энергиясын сырттан сатып алып жатабыз.

Кудайга миң мертебе шүгүр десек болот, 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин бул тармакта дагы кырдаал болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Ири ГЭСтер менен катар чакан ГЭСтерди куруу колго алынып, алар бир чекеден ишке киргизилүүдө. Былтыр Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Кайнама” ГЭСи, “Көк-Арт” чакан ГЭСи, “Бала-Саруу” ГЭСи, “Ысык-Ата” чакан ГЭСи ишке берилген. Тактап айтсак, акыркы эки жылда 14 чакан ГЭС ишке киргизилди. Учурда бир нече чакан ГЭСтердин курулушу жүрүп жатат, быйыл 18ин ишке берүү мерчемделүүдө. Баарыбыз билгендей, Кыргызстандын эң негизги энергетикалык тутуму совет мезгилинде түптөлгөн. Ошол маалда курулган электр станцияларынан өндүрүлгөн энергияны колдонуп келе жатабыз. Мындайча айтканда, 60-70 жыл мурда курулган ГЭСтердин эсебинен жашадык. “Камбар-Ата – 2” ГЭСинин бир агрегатынын ишке берилгенин эске албаганда эгемендүүлүккө ээ болгон алгачкы 30 жылда бир да ГЭС курулган эмес. Жөнөкөй чакан ГЭСтердин пайдубалы түптөлгөн эмес. Анын жыйынтыгында, энергетика тармагы олчойгон карызга батып, Союз маалындагы жабдуулар эскирди. Саясий шантаждардын, бийлик талашкан митингдердин шартында электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөй, өзүн өзү актабаган абалга келип, жалпы энергетиканы түп орду менен талкалай турган учурга жеткен элек. 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки өзгөрүүлөр орун албаганда, бүгүн жарыксыз отурмакпыз. 30 жылдык талкалануунун саркындысы болгон Сооронбай Жээнбековдун илең-салаң саясаты ошого алып бармак.

“Камбар-Ата” ГЭСи

Беш жыл мурунку элдик толкундоодон кийин бийликке келген Президент Садыр Жапаров чоң көйгөйгө айланган энергетика тармагы боюнча тынымсыз кайрылууларды жасап, анын маанисине токтолуу менен чечүү жолдорун так көрсөтүп, эң башкысы “Камбар-Ата” ГЭСин курушубуз керектигин белгилеп келе жатат.

“Бүгүнкү күндө биз жалгыз эле Токтогул суу сактагычын карап отурабыз. Акыркы он жылдан бери, өзгөчө кыш мезгилинде электр кубаты көп колдонулган учурда “Токтогул суу сактагычында мынча көлөмдө суу колдонулду, мынчасы калды” деп санааркап отуруп кыштан чыгып келебиз. Буюрса, “Камбар-Ата – 1” ГЭСин ишке киргизип алсак, “Камбар-Ата – 2” ГЭСинин толук кубаттуулукта иштешине мүмкүнчүлүк түзөбүз. Андагы экинчи жана үчүнчү агрегатты пайдалана баштасак, “Камбар-Ата – 2” ГЭСинин жалпы кубаттуулугу артат. Жыйынтыгында бул эки маанилүү ГЭСибизди толук иштетип, кубаттуулугу 1000 мегаватт өндүрүүгө жетишебиз. Бул көлөм азыркы Токтогул ГЭСинде өндүрүлүп жаткан электр энергиясына барабар болот. “Камбар-Ата – 1” иштеп калса, Кыргызстанга да, Борбор Азияга да пайдалуу болот. Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, “Камбар-Ата – 1”      ГЭСинин курулушу кошуна өлкөлөрдүн сугат суу маселелерин чечүүгө өбөлгө түзөт жана аймактагы суу-энергетикалык балансты стабилдештирүүгө салым кошот. Ошондой эле дээрлик жай мезгилинде иштелип чыккан энергияны “CASA-1000” долбоору аркылуу алыскы өлкөлөргө да импорттоого шарт түзөт. Тактап айтканда, “Камбар-Ата – 1” ГЭСинде жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө жана өндүрүлгөн электр энергиясынын ар бир кВт/саатын “CASA-1000” долбоору аркылуу 5,15 АКШ центине сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Бул жагдай Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошот жана өлкөбүзгө түшүүчү жылдык таза пайда 234 млн АКШ долларын түзөт” деген Садыр Жапаров.

Чынында эле, “Камбар-Ата – 1” ГЭСи чөлкөмгө эбегейсиз пайда алып келери шексиз. Маселен, бизге энергия керек болсо, кошуна мамлекеттерге сугат учурунда суу зарыл. Масштабдуу ГЭС курулуп бүтсө, эки маселе тең чечилет. Албетте, биздин өлкө электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айланат. Электр энергиясына болгон тартыштык жоюлат. Анткени, «Камбар-Ата – 1» курулуп бүткөндө Кыргызстандагы ГЭСтердин эң ириси болот. Расмий маалыматтар боюнча «Камбар-Ата–1 ГЭСи» курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясы өндүрүлмөкчү. Бул Токтогул ГЭСинин кубаттуулугунан 700 миң кВтка көп. Алдын ала эсеп боюнча, деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикте жайгашкан ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат. «Камбар-Ата – 1» ГЭСи курулуп бүтөрү менен Кыргызстан электр энергиясын сырттан сатып албай, тескерисинче аны четке сатканга мүмкүнчүлүк алат.

30 жылдык тарыхта муну чечкенге эч бир жетекчи киришкен жок. Сөз жүзүндө сүйлөп, иш жүзүндө жасабады. Баса, Атамбаевдин учурунда ооз көптүргөн сөздөр айтылып, 2012-жылы орусиялык «РусГидро» компаниясы менен «Камбар-Ата-1» ГЭСин жана Нарындын жогорку агымында төрт ГЭС куруу боюнча келишимге кол койгонун жар салган. Анан баягы ачуу кыялы менен чырлаша кетип, келишимди жокко чыгарышты. «РусГидро» долбоорго 37 млн долларды сарптаганын айтып, бизге төлөттү. Кыскача айтканда, ГЭСтин курулушун баштоонун ордуна стратегиялык өлкөлөрдүн ортосундагы мамилеге көлөкө түшүрүп, жок жерден миллиондогон долларлык зыян тарттырды. Бул мамлекетке жасалган кыянаттык десек жаңылышпайбыз.

Айтор, биздеги шалаакы президенттердин кесепетинен жана Борбор Азиядагы жеке амбициялары чектен ашкан жетекчилердин айынан долбоор ишке ашпай келди. Бири экинчисине кыр көрсөтүп, далысын салып, биринин жакшылыгын экинчиси колдой албады. Садыр Жапаров өзүнүн кыраакылыгы, дипломатиялык жөндөмү менен Россия жетекчисин «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун салдырууга көндүргөндөй, “Камбар-Ата–1” ГЭСи курдурууга жол тапты. Атап айтсак, эки жыл мурун “Камбар-Ата–1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата – 1” ГЭСин башкарат жана анын 34% акциясы Кыргызстанга таандык болот, ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33%дан бөлүнөт.

CASA-1000 долбоору

Энергия кубаттуулуктарын жогорулатуунун жаңы барагын ача турган, бүтүндөй Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берүүчү долбоор – бул регионалдык деңгээлдеги масштабдуу CASA-1000 долбоору. Бул эл аралык долбоорго байланыштуу демилгелер 2000-жылдардын башында башталганы менен биздин өлкөдө электр линияларынын тартылышы Садыр Жапаровдун мезгилинде, 2021-жылдын апрель айында жанданган. Ага чейин куру сөздөр гана айтылып, ишке ашпай келген. Төрт жыл аралыгында курулуш иштери кызуу жүрүп, Кыргызстандын Датка көмөк чордонунан Тажикстандын 500 кВ Сугд көмөк чордонуна чейин узундугу 480 чакырымга жакын 500 кВ электр берүү линиясынын курулушу аяктады. Кыргызстан боюнча 1 миң 243 түркүк орнотулуп, узундугу 456 км электр берүү линиясы, ошондой эле Датка көмөк чордонунда кошумча 500 кВ уяча курулду. Аталган көмөк чордондон электр чубалгысы Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын калкы аз райондорунун аймактары аркылуу Тажик-стандын чубалгыларына барып туташат. Андан ары Тажикстандын линиясы аркылуу электр энергиясы Афганистанга жана Пакистанга жетет. Учурда Кыргызстан долбоордун алкагында бардык иштердин көлөмүн аткарды. Март айында Президент Садыр Жапаровдун Худжанд шаарына болгон иш сапарында Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен биргеликте долбоордун негизинде ошол 500 кВ «Датка-Сугд» аба чубалгысын ишке киргизишти.

Расмий маалымат боюнча долбоор ишке киргенден кийин Кыргызстан жай мезгилинде, май айынан сентябрга чейин Пакистан жана Афганистанга 500 миллиондон 1,5 миллиард киловатт саат электр энергиясын экспорттоп турушу керек болот. Мында Кыргызстанга ири киреше түшөт. Долбоордун жалпы наркы 1,1 миллиард АКШ долларын түзүп, анын ичинен 200 миллион АКШ доллары донорлор – Дүйнөлүк банк, Ислам Өнүктүрүү банкы жана Европа инвестициялык банкы тарабынан каржыланган. CASA-1000 коммерциялык эксплуатациялоо иши бардык зарыл болгон инфраструктуранын курулушу аяктагандан соң, эки жылдан кийин башталмакчы.

Кылычбек Кудайбергенов