"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Камчаткадагы жер титирөөнүн кесепетинен Японияда бир адам каза болду

Камчаткадагы күчтүү жер титирөөнүн кесепетинен Японияда бир адам каза болуп, жети жаран жаракат алды. Бул тууралуу Япония өкмөтүнүн башкы катчысы Ёсимаса Хаяси маалымдады.

Маалыматта каза болгон адам эвакуация учурунда автоунаа менен жүрүп, жол кырсыгына кабылгандыгы айтылат. Калган жаракат алгандар цунамиден улам уюштурулган эвакуация маалында жабыркаган.

Эске салсак, 30-июлда Камчатка жээгинде 8,7 баллдык жер титирөө катталган. Аймакта цунами жүрүп, имараттар жабыркаган.

Камчаткада өтө катуу жер титирөө болду (видео)