"Эркин-Тоо"

Камчы Көлбаевге таандык 720 батир мамлекетке өткөрүлдү

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин 720 батири жакындарынын өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев билдирди.

Маалыматка ылайык, бул курулушу 2027-жылы аяктай турган батирлер.

Медер Машиев муну менен катар 2023-жылдын 10 айында 38 жер тилке жана үй, 356 унаа мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөнүн кошумчалады.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!