"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Камчыбек Ташиев Ак-Талаа районуна жаңы техникаларды тапшырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ак-Талаа районуна адистештирилген жана айыл чарба техникаларын тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев УКМК төрагасына техникалар тууралуу маалымат берип, алардын өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды.

Белгилей кетсек, Президенттин Турукташтыруу фондунан Ак-Талаа районуна 110 миллион сом бөлүнүп, анын эсебинен жалпысынан 13 техника, анын ичинде алты бирдик айыл чарба жана адистештирилген техника сатылып алынды.