Кечээ, 20 жашка чейинки жаштар курамаларынын чемпионатынын алкагында өткөн Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын беттеши учурунда Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) башкы катчысы Улугбек Каримов менен жолугушту. Бул тууралуу футбол биримдиги билдирди.
Камчыбек Ташиев CAFA′нын башкы катчысын жылуу кабыл алып, ассоциацияга бул турнирди өткөрүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирген. Башкы катчы турнир мыкты деңгээлде уюштурулгандыгын белгилеген. Жыйындын аягында футбол ассоциацияларынын жетекчилери уюмдардын вымпелдерин алмашышкан.