"Эркин-Тоо"

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ЧЫНЫГЫ ДОСТУКТУН ҮЛГҮСҮН КӨРСӨТКӨН ИНСАН

Эки миң жыйырма үчүнчү жылдын 16-октябрында Бишкекте өткөн Жалпы элдик курултайда делегаттардын бири Жапаров менен Ташиевдин мамилеси жөнүндө, “эл ичинде ар кандай сөздөр айтылып жатат, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийлик талашып урушуп атыптыр деп, ушул суроого жооп берип койсоңуз,” деп кайрылган эле. Ага жооп берип жатып Президент Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев экөөнүн ортосунда эч кандай пикир келишпестик жок экенин, алар бийлик талашпай турганын билдирди. Жапаров аларды уруштургусу келген күчтөр бар экенин, кала берсе кимдер, кантип сүйлөшкөнү жөнүндө атайын кызматтан маалымат түшкөнүн да айтып өттү.

“Эки достун маселеси, бийлик талашып жатат деген маселе, бул бизди бири-бирибизге кайраштыруу эле. Мен бийликке отургандан бери бүгүнкү күнгө чейин экөөнү чабыштыралы деп аракет кылган күчтөрдү көп көрдүм. Атайын кызматтын көзөмөлүнө түшүп калыптыр, бир аксакал эле киши 5-6 кишини айланасына чогултуп алып айтып жатат: “сен агасы менен жакшы экенсиң агасына барып айт, сен аялы менен мамилең жакшы экен, тезинен барып аялына айт деп бир аял кишиге айтып жатат,  сен баласы менен иштешип жаткан турбайсыңбы, сен баласына айт, Камчыбек Ташиев бир жуманын ичинде бийликти басып алганы жатыптыр деп. А Камчыбек Ташиевди мага койгула. Аны мен өзүм бат эле көндүрөм. Экөөнү уруштуруп ортосун ажыратсак, анан бийликти оңой эле кулатабыз…”-деп. Мен ал адамдын атын айтып элге ачыктап койсом деле болот эле. Болгону ал адамдын абийирин төккүм келбей жатат, аяп жатам. Ошол видео жазуу менин колумда турат. Өзү да билип азыр тынчып калды. Мындай күчтөр бир эле топ эмес. Үч жылдан бери бизди чабыштырам деген нечен интригаларды көрдүм. Биз ага барган жокпуз, себеби мен баарын көрүп турам. Камчыбек Кыдыршаевич бийлик талашкыдай, мен президент болуп отурамбы же Камчыбек Кыдыршаевич отурабы айырмасы жок. Себеби, ал дагы мекеним деп күйөт, мен дагы ошондой эле күйөм.” — деп Президент С. Жапаров 16-декабрда өткөн Элдик курултайда удургуган ушак сөзгө чекит койсо, Камчыбек Ташиев: “Эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз” деп анын сөзүн төмөнкү кайрылуусу менен (17.12.23.)  бекемдеди.

“Урматтуу мекендештер!

Эми гана өзүмө келдим, 3 (үч) күндөн бери каттуу ооруп эми гана баш көтөрдүм. Ажобуздун Элдик Курултайда мен жөнүмдө айткан пикирине өз оюмду билдирип коюну чечтим.

Биринчиден, Президентибиз туура айтты эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз.

Экинчиден, биз үчүн Кыргыз элибиздин тынч, бакубат, келечектүү жашоосу эң кымбат жана эч нерсеге алмаштыргыс бакыт!

Үчүнчүдөн, Президентибиз мурдагы Конституциянын негизинде 6 жылга шайланган, ал эми бүгүнкү Конституциянын негизинде дагын бир жолу 5 жылга экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу, ошондуктан Садыр Нургожоевичти колдоп кубаттап чогуу элибизге кызмат кылабыз деп үмүт артамын. 8 жылдан кийин да эл журт деп Садыр досумдай күйүп жанган Кыргызымдын бир инсаны чыгат буюруса!

Камчыбек Ташиев 17.12.23.

Өмүрбек Текебаев айткандай, “Камчыбек Ташиев чыныгы достуктун үлгүсүн көрсөткөн инсан” экенин айтпай кетүү бери дегенде көралбастык болуп калат. Садыр Жапаровго ак жеринен жалаа жабылып абакта жатканда андагы бийлик төбөлдөрү Алмаз Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековго тынымсыз кайрылып, “Садыр досумун ордуна абакта мен отуруп турайын, үй-бүлөсүндө катар катар жамандык болду. Эч болбосо топурак салып, бата кылганга убактылуу чыгарып тургула…” деп суранганы да элдин эсинен чыга элек. “Жоодон да жаман эмеспи, жолдошун жолго таштаган” деп Кыргыз Эли абдан таамай айткан. Эки достун башынан кандай гана оор тагдырлар өткөн жок. Бирок чыныгы достор ошол оор күндөрдө бири-бирине өбөк-жөлөк болуп, элдин, мамлекеттин келечегин ойлоп, башын канжыгага байлап, келечек муундар үчүн болоттой курчуп, алдыга койгон максаттарына жетишти.

Садыр Жапаров абакта отурганда 2020-жылкы депутаттык шайлоодо Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун “Мекенчил” саясый партиясы менен жарышка аттанды. Ошол кезде “Мекенчил” счаясый партиясы шайлоого катышат экен деген сөздү укканда, шылдың ирээтинде мыйыгынан күлүп, тамаша кылып, четте карап турган саясатчылар да жок эмес эле. Карапайым эл өз тагдырын күзгүдөн көргөндөй Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тагдырынан көрүп, ишеним кредити катары добуш берип, колдоп, абакта жаткан Садыр Жапаровдун “Мекенчил” саясый партиясын маарага сүрөп чыгышты. Жыйынтыгында коррупциялашкан шайлоо өнөктүгү жокко чыгарылып, Камчыбек Ташиев башында турган “Мекенчил” саясый партиясынын өкүлдөрү, жалпы карапайым эл менен бирдикте абактагы Садыр Жапаровду бийлик олимпинин туу чокусуна алып чыгып, Президенттик тактыга отургузушту.

Эгерде Камчыбек Ташиев ошончолук эле Президент болгонду кааласа, ошол 2021-жылы Садыр Жапаровдун ордуна өзүн президенттикке көрсөтүп, шайлоого катышууга толук мүмкүнчүлүгү бар эле. Ал ага чейинки эки достун (А. Атамбаев менен С. Жээнбековдун) басып өткөн жолунан кескин айырмаланып, элдин тандоосуна абактан жаңы чыккан Садыр Жапаровду Кыргыз Республдикасынын президенттигине көрсөтүп, өзү жан үрөп колдоп чыкканын коомчулук жакшы билет. Жыйынтыгында коррупциялашкан бийликтен жабыркаган жалпы карапайым эл жабыла колдоп, А. Атамбаев башында турган “Реваншисттердин” көрүнөө да, көмүскөө да бут тосууларына карабай Садыр Жапаровду Президент кылып шайлашты.

Эки дос-Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин бул кадамы Кыргызстан эгемендик алган 30 (отуз) жылдын аралыгында келечекке болгон алгачкы акыйкаттыктын кадамы болгон десек жаңылышпайбыз. Аны алар бийликке келген соңку үч жылдын аралыгында коррупцияга болгон аёсуз күрөшү менен толук далилдей алышты. Сөз чынынан бузулбайт, акыркы мезгилде кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен коюн-колтук алышкан мамлекеттик кызматтын өкүлдөрүнүн коррупциялашкан иш-аракеттери ачыкталып, миллиярддаган сом акча каражаттары мамлекетке кайтарылганы анын ачык далили. “Кылым афёрасы” аталган Кум-Төр баш болгон ондогон бюджет түзүүчү мекеме ишканалар улутташтырылып, мамлекеттин карамагына өткөрүлгөнүнүн өзү-эки достун мамлекеттин келечеги үчүн өмүрүн тобокелге салуу деп түшүнүүгө болот. Республикада бир дагы коррупциялашпаган тармак калбаганын, кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен бирге иш алып барган мамлекеттик чиновниктер мамлекеттин ичинде өз алдынча майда мамлекеттерди түптөп, мыйзамга баш ийбей келгенине күбө болгон карапайым эл бүгүн эки дос-Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү иш аракеттерин кубануу менен колдоп келе жатканы эч кимге жашыруун эмес.

 

Акай АБДЫЛДАЕВ