Бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев дүйнөлүк футбол легендасы, «Алтын топтун» ээси Христо Стоичков менен жолугушту. Бул тууралуу биримдиктен билдиришти.
Футбол жылдызы Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде өтүп жаткан Football for Schools («ФИФА мектептер үчүн футбол») программасынын расмий ачылыш аземинин ардактуу коногу болду. Христо Стоичков өлкөдө программанын ийгиликтүү башталышы менен КФБнын президентин куттуктады. Ал эми Камчыбек Ташиев ФИФАнын мектеп программасына футболду киргизүү демилгеси келечекте жакшы натыйжаларды берет деген ишенимин билдирди.
Жолугушуудан кийин Стоичков КФБнын Улуттук футбол академиясынын аймагын кыдырып, таанышты.
Белгилесек, Football for Schools программасы балдарды футболго тартууга багытталган. Бул программа ФИФАнын бардык 211 мүчө ассоциациялары аркылуу ишке ашырылып, футболду улуттук билим берүү системасына интеграциялоого өбөлгө түзөт. Кыргызстанда программаны ишке ашыруунун алкагында мектептерге 3600 даана футбол тобу берилет, ФИФА инструкторлорунун катышуусунда улуттук семинар өткөрүлөт, ошондой эле дене тарбия мугалимдери үчүн регионалдык семинарлар уюштурулат.
Программаны ишке ашырууда негизги жоопкерчилик Кыргыз футбол биримдигине жүктөлгөн. Биримдик бардык иш-чараларды уюштуруп, программанын натыйжаларын көзөмөлдөп, баалайт. Ал эми Билим берүү министрлиги программаны окуу процессине интеграциялоого жардам берип, жооптуу өкүлдөрдү дайындайт жана окуу жылында демилгенин ишке ашырылышын көзөмөлдөйт.

