"Эркин-Тоо"

Камчыбек Ташиев эне капиталы 1-январдан тарта күчүнө кирерин билдирди

Кыргызстандын бийик тоолуу жана алыскы аймактарындагы үй-бүлөлөр үчүн эне капиталы 1-январдан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айтты.
Ал мурдараак мамлекет ар бир төртүнчү балага 100 миң сом, бешинчи балага 600 миң сом, жетинчиге 1 миллион сом, сегизинчи жана тогузунчу балдарга 1,5 миллион сом, онунчу балага 2 миллион сом берүүнү пландап жатканын билдирген.
Эске салсак, УКМК төрагасы кечээ Оштогу үч эм наристелүү болгон үй-бүлө менен жолугуп, аларга үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, 500 миң сом, ноутбук жана башка белек-бечкек тартуулады.