"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артистине батирдин ачкычын тапшырды

Бүгүн, 22-октябрда, УКМКнын төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Хабибилла Азиреткуловго эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Буга чейин аталган обончу жана композитордун турак жай маселесине байланышкан кайрылуусу Жогорку Кеңеш аркылуу УКМК төрагасына жеткирилген.

Хабибилла Азиреткулов өмүр бою маданият тармагында иштеп, ушул күнгө чейин турак жайлуу болгон эмес. Ал сегиз баланын атасы, учурда 66 жашта жана Бишкектеги орто мектептердин биринде музыка сабагынан окутуучу болуп эмгектенет.