Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Элдияр Төлөновду кабыл алып, 1 млн сом тапшырды.
Элдияр Төлөнов 2022-жылы Баткен облусундагы чек ара жаңжалында ИИМдин ички аскерлеринде рота командиринин орун басары болуп иштеп жүргөндө жарылуучу заттан чыккан учкундан улам эки көзүнө оор жаракат алган. Ал Түркия жана Москва шаарларында дарыланып, мамлекет тарабынан Бишкектен батир жана 1 млн 794 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам алган.

