Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ошко болгон жумушчу сапарында мамлекеттик органдарга кайрылып, элдин ыраазычылыгы үчүн иштөөнү тапшырды.
«Арабызда турган бардык кызматкерлерге дагы бир жолу тапшырма иретинде айтып өтөйүн. Кылган жумушуңардын бардыгында элдин ыраазычылыгы болуш керек. Эң башкысы укук коргоо, прокуратура, сот жана коопсуздук органдары түздөн-түз элдин тилегин аткармайынча, же элдин түздөн-түз суроо-талаптарына жооп бермейинче ишиңерге жакшы баа берилбейт. Өзүңүздөр билесиздер, эл-журтка дагы жарыя кылып айтып коюшубуз керек. Мына азыр жөнөкөй райондордун сотторунун эң аз деген айлыгы 300 миң сом болду. Облустуку андан дагы көбүрөөк. Жогорку соттун судьяларыныкы андан дагы көбүрөөк. Бул эмне үчүн жасалып жатат? Ошол соттор коррупциялык элементтерге берилбесин, элдин турмушун, алардын чече турган жумушун акыйкат чечип берсин, Президент ошого умтулуп жатат», — деди Камчыбек Ташиев.

