"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Камчыбек Ташиев Тажикстанга учуп кетти

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 1-декабрда Тажикстанга иш сапары менен учуп кетти.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча жолугушуулар болору айтылат.

Белгилей кетсек, кечээ  30-ноябрда атайын кызматтын төрагасы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында аткезчилик кайра жанданганын, чек ара маселеси толук чечилмейинче коңшу өлкө менен чек ара ачылбай турганын айткан болчу.