Кыргызстан «Такафул» исламдык камсыздандыруу принцибин киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу «Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угууда Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Марат Пирназаров билдирди.
Анын айтымында, мындай кызматтарга калк арасында суроо-талап бар болгондуктан жасалып жатат.
Белгилей кетсек, салттуу камсыздандыруу пайыздарды эсептөө концепциясына жана практикасына негизделген. Исламдык камсыздандырууда катышуучулардын салымдарынын бир бөлүгү кайрымдуулук катары каралат.