"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Камсыздандыруу төгүмдөрү 9 айда 60 млрд сомго жакындады

Үстүбүздөгү жылдын январь–сентябрь айларында 59,7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,4 млрд сомго көп.

Салык кызматы билдиргендей, 2019-жылы 32,4 млрд сом, 2020-жылы — 33,1 млрд сом, 2021-жылы — 38,3 млрд сом, 2022-жылы — 51,7 млрд сом, 2023-жылы — 64,3 млрд сом, ал эми 2024-жылы 74,08 млрд сом камсыздандыруу төгүмү жыйналган.