"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар жокко чыгарылат

Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдан баштап камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды эсептен чыгарууну баштайт. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз бөлүмү кабарлады.

2026-жылдын 1-январына карата эгер негизги төгүмдөр төлөнгөн болсо, туумдар, айыптар жана санкциялар автоматтык түрдө жокко чыгарылат. Ал эми белгиленген жылдын 1-июлуна чейин карыздарды эсептен чыгаруу үчүн төлөөчүнүн арыз менен кайрылуусу талап кылынат. Бул чара жарандардын карызын азайтууга жана социалдык камсыздандыруу системасын жөнгө салууга багытталган.