"Эркин-Тоо"

Канат ЭШАТОВ: “Күйүүчү майлардын баасы жума сайын өзгөрүп турат”

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат ЭШАТОВ

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Кыргызстанда бензиндин баасын май куюучу жайлар көтөрүп жаткандыгын айтып чыкты. Ал жалпы жыйында бул маселе боюнча дүңүнөн бензин ташыган ишкерлер менен сүйлөшкөнүн, алар АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди 45 сомдон алып келишерин билдирди. Эл өкүлү 45 сомдук бензин май куюучу жайларда 58 сомдон 62-65 сомго чейин сатылып, көзөмөл жок болуп жаткандыгына нааразы болду. Мындай сын пикирден кийин эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бензиндин баасы кийинки айда 5-6 сомго чейин төмөндөй турганын билдирди. Биз бул рыноктогу чыныгы абалды билүү үчүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов менен байланыштык.

— Канат мырза, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы келерки айда бензинди 5-6 сомго чейин арзандайт деген маалымат таратты. Маалыматка ишенсек болобу? — Дайыма эле декабрь, январь айында күйүүчү майларга болгон баанын мезгилдик арзандашы болуп келет. Биз азыр бензин канча сомго арзандай турганын так айта албайбыз. Баалар россиялык нефти иштетүүчү базалардын ишине, доллардын курсуна байланыштуу өзгөрүп турат. Негизи россиялык нефти иштетүүчү базалар күйүүчү майлардын баасын доллар менен эсептегендиктен баалар жума сайын өзгөрүп турат. — Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Кыргызстанга бензин арзан эле келерин, май куюучу жайларда анын баасын 20 сомго чейин көтөрүлгөндүгүн айтып чыкты… — Жеңишбек Токторбаев кайсы ишкерлер менен сүйлөшкөнүн ачык айтып койсо болмок. — Демек, бул туура эмес маалыматпы? — Кайсы компания бензинди арзан баада алып келгендигин Жеңиш Токторбаевден сураш керек. Азыр ар бир компанияда бир айлык же эки айлык бензиндин кору бар. Алар күйүүчү майларды сырттан алып келгенден кийин дүң баага чыгымдарын кошуп, анан сатат. Жогоруда айтып өтпөдүмбү жыл сайын ушул айларда баа төмөндөйт. Бул мезгилдик көрүнүш.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!