Канат Жумагазиев Сары-Өзөндүн “эки тизгин, бир чылбырын” колго алганы демдүү жүрүш астында иш баштаганы кубандырууда. Биздин мындай колдообуз азырынча ага “аванс” болсун! Ушул күндөрү СарыӨзөндүн Сокулук, Аламүдүн райондорунда жер чатагы курч экени, мындай көйгөйлөргө Канат Жумагазиев “кызыл шапкелик” жүрүшү менен кылдат мамиле кылып, чырмалышкан “жер мафиясынын каармандарына” катуу тура баштаганы кабарланды. Мындай шартта каарманыбызга бир көйгөйдү кулак кагыш кылып турубуз. Аламүдүн районундагы Маевка айылында №394 контурдагы жерди (айыл чарба багытындагы жер) 15 жыл мурун кожоюндары көпчүлүккө 4 сотыхтан бөлүп сатып жиберишкен. Учурда 4 сотыхтан жер тилкеге ээ болгон жүздөгөн жаштар аталган тилкеге үй сала албай келишет. Облустун башчысы катары Канат мырза дал ушул жер тилкесин трансформациялоо ишин колго алса, жүздөгөн үйгө муктаждардын көйгөйүн чечет беле? Кылт эткен маселени жигитче илгиртпей чечкен Канат мырза бул көйгөйдү көңүл сыртында калтырбаса керек.