"Эркин-Тоо"
Биринчи байлык – ден соолук Эркин Тоо гезити

Кандөөлөт Сарбанова: “Эски жабдыктарды аргасыздан колдонуп жатабыз”

Комбустиолог – күйүктөрдү дарылоочу дарыгер. Бул өтө жоопкерчиликтүүжана түйшүктүү кесип. Дарыгердин иш-аракеттери так жана тез болуш керек. Өлкөбүздүн башкы комбустиологу Кыргызстанда мындан 30 жыл мурда чоң адамдар күйүккө көбүрөөк кабылса, акыркы жылдары 70% жаш балдар күйүккө кабыларын айтат. Бишкектеги Шаардык тез жардам клиникалык ооруканасынын базасындагы Республикалык күйүк борборуна ар түрдүүзаттар аркылуу күйүп, жаны ооруп кайрылган бейтаптарды комбустиологдор дарылашат. Бул багытта күйүк борборунун жетекчиси Кандөөлөт Сарбанова оорукананын ишмердиги тууралуу айтып берди.

— Биздин борборго орто эсеп менен жылына 1800дөн ашуун бейтап кайрылат. Алар электр чубалгы, өрттөн, химиялык заттардан, ысык суу, шорпо жана башка нерселерден күйүп, ар түрдүүжаракаттар менен келишет. Негизинен стандарт боюнча ооруканада кабыл алуу, операция жасоочу, реабилитация, чоңдор жана балдар бөлүмдөрүкамтылыш керек болчу. Тилекке каршы, бизде бардык функцияны бир гана бөлүм аткарып келет. Чоң кишилер да, балдар да бир бөлүмдө дарыланышат. Биздин мекеме күйүктөн эң оор жана өтө оор жаракат алган бейтаптарга жардам көрсөтүп, аларды дарылоону жана андан кийинки реабилитацияны камсыз кылабыз. Медициналык жардам күнү-түнүшашылыш көрсөтүлөт. Бейтаптардын жанында дарыгер, мед айымдар 24 саат бирге болушу зарыл. Анткени, күйүк өзгөчө кароону талап кылат. Мисалы, башка өлкөлөрдө комбустиолог-дарыгерлер жылына 28 күндүк эмес, 52 күндүк эмгек өргүүгө чыгышат. Мындан күйүккө жардам көрсөтүүдөгүдарыгерлердин ишинин оор жана татаал экендигин билүүгө болот.

Кан тамырлар да күйүп кетет

— Адамдар ар кандай заттар аркылуу күйүп калат. Өрт менен көбүнчө чоң кишилер күйөт. Электр чубалгыларынын кесепетинен жаш балдар күйүп кайрылышат. Ошондой эле балдар көбүнчө кайнак суу, шорпого күйөт. Химиялык күйүк, кислота, фосфор заты менен күйгөндөр болот. Бул заттар менен күйгөндө муздак суу менен жуубаш керек. Анткени, суу тийээри менен реакция болушу толук ыктымаал. Мында адамдын дене табы көтөрүлүп, абалына терс таасирин тийгизет. Күйүккө кабылган бейтап тез арада ооруканага жетүүсүабдан маанилүү. Ал эми чоңдор же балдар болобу ысык суюктуктарга күйүп калса, анда муз же муздак сууну күйгөн жерге коюуга шашылыш керек. Андан кийин левомеколь сыйпаса болот. Күйүккө диагноз коюуда эки нерсени тактап алуу зарыл. Күйгөн жердин тереңдиги жана аянтын билүүмаанилүү. Бизге кайрылгандарга дароо ооруну басаңдатуучу дарылар колдонулат. Антпесе, күйүк денени абдан оорутат, ачыштырат. Күйгөн жерди бактерия, микробдордон алдын алуу үчүн зарыл болгон дарылар сайылат. Күйгөн жерди күндө таңып, майлап туруу абдан маанилүү. Бизге жаш баланы алып келишкен. Ал баланын ата- энеси миграцияда экен. Топ тээп ойноп жүрүп, тобу трансформаторго кирип кеткен. Бала тобун алып чыгам деп күйүп калган. Эпилепсия оорусу менен жабыркагандар да күйүккө көбүрөөк туш болушат. Анткени, алар ысык мештин же кайнап турган суунун жанында болуп, кулап калышат. Ал эми күйүктүн ичинен электр энергиясынын ар түрдүүкесепеттеринен күйгөндөр катуу күйөт. Катуу, терең, күйгөндө адамдын ден соолугуна чоң залакасын тийгизет. Себеби ток кан тамырларды дагы күйгүзүп салат. Кан тамырлар күйгөн учурда кайсы жери күйсө, аргасыздан ошол жерин кесүүгө туура келет. Мындай учурда адам жумушка жарамсыз болуп калат. Кээде күйүктөн кийин адамдын колу, буттары тырышып катып калат.

20 күндүк бала күйүп келди

— Бизге төрөлгөнүнө 20 күн болгон наристе күйүп, ооруканага түшкөн. Баланын апасы таштанды төккөнүсыртка чыкса, үйдөгүмышыгы мешти баланын үстүнө кулатып жиберет. Бул деген ата-эненин жоопкерчиликсиздиги. 6 айдан кийин балдар да көп жабыркашат. Ата-эне баланы караш керек. Башка жумушу жасалбаса койсун, эмчектеги, жөрмөлөгөн баланы ысыктан сактоо зарыл.

Заманбап жабдыктарды сатып алууга мамлекет 24 млн сом бөлдү

— Бейтапта күйүк оор жана терең болсо, анда операция жасалат. Операция маалында бейтап өзүнө-өзүдонор болот. Мында күйбөгөн жеринен тери алынып, жабыштырылат. Айрым учурларда бейтаптын ата-энеси, бир туугандары донор болушат. Ушул процедурада дарыгерге жардамга келген жабдыгыбыз эптеп иштеп жатат. Анткени, абалы абдан эски. СССРден калган, 1987-жылкы жабдыкты айласыздан колдонуп жатабыз. Өлкө жетекчилери бул көйгөйүбүздүугуп, заманбап жабдыктарды сатып алууга 24 млн сом бөлдү. Каражат түшсө, жаңы үлгүдөгүаппараттарды сатып алганы турабыз.

Борбор унаага муктаж

— Борбордун ишин илгерилетүү, документтик иштерди тиешелүүтараптарга алып баруу, айрым бейтаптарыбызды социалдык мекемелерге жеткирүүзарылдыгы жаралып калат. Борбордун өздүк унаасы жок болгондугуна байланыштуу көп учурда такси жалдоого туура келет. Борбордун өз унаасы болгондо абдан жакшы болмок.

Министрлер Кабинети көйгөйүбүздү укту

— Негизинен бардык медициналык жабдуулар жана медициналык буюмдарыбыз эскирген, заманбап талаптарга жооп бербейт. Июнь айында күйүк борборуна Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев, Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев баштаган жетекчилер келип, биздин оорукананын кейиштүүабалы менен таанышып, көп убакыттан бери чечилбеген көйгөйүбүздүн чечилээрин билдирди. Министрлер Кабинетинин башчысы жакында күйүк борбору толугу менен жаңыланып, заманбап ооруканага айланаарын баса белгиледи. Ушу тапта керектүүкаражатты бөлүүүчүн тиешелүүмекемелер иш алып барууда.

Мээрим Бактыбек кызы