"Эркин-Тоо"

Кантта белгисиз адамдар жүргүнчүлөрдү ташыган поезддин вагондорунун айнегин талкалап кеткен

Кантта белгисиз адамдар «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жүргүнчүлөрдү ташыган поездинин бир нече айнектерин талкалап кетишкен.

Окуя күн мурун, 1-августта болжол менен саат 21:18де Дмитриевка – Кант станциясында орун алган.

«Кыргыз темир жолунун» маалыматына ылайык, VIP, «Люкс» вагондордун, жөнөкөй вагондун 9-купесинин терезелери сынып, башка вагондун жумушчу тарабындагы тамбурдун терезеси талкаланган.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында окуя болгон жердеги сынган терезелер убактылуу скотч менен жабылып, поезд өз жолун уланткан. Бирок, мындай окуялар олуттуу кесепеттерге алып келип, жүргүнчүлөр, туристтер жана коштоочулар үчүн кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн.

«Поезд жолунун боюнда жашаган жергиликтүү тургундардан тартипти жана жоопкерчиликти бекем сактоосун өтүнөбүз. Сураныч, поезддин жүргүнчүлөрү үчүн кооптуу жагдайларды жаратпоону жана поезд байланышынын бардык коопсуздугун чогуу сактоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!