"Эркин-Тоо"

Кантта курал жана баңгизат алып жүргөн жаран кармалды

Кант шаарында курал жана баңгизат алып жүргөн 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрда Кант шаарынын Гагарина жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинен шектүүнү кармоо учурунда «Лексус-470» үлгүсүндөгү автоунаасы менен милиция кызматкерлеринин унааларын сүзүп, качуга аракет кылган. Мурда сот жообуна бир нече жолу тартылган, криминалдык чөйрө менен байланышы бар Ысык-Ата районунун тургуну 1983-жылы туулган А. У. М. кармалды.

«Лексус-470» үлгүсүндөгү унаасынын ичин кароодо ичинен ТТ үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана гашиш баңгизаты табылган.

Алынган далил буюмдар жана баңгизат экспертизага жөнөтүлүп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!