"Эркин-Тоо"

Канттын суткалык керектөөсү төмөндөтүлдү. Себеби?

Билим берүү жана илим министрлиги балдардын кумшекерди ашыкча колдонуусун азайтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Анын ведомствого шилтеме берүү менен берген маалыматына караганда, мектептерде жана бала бакчаларда канттын суткалык керектөөсү 50 граммдан 30 граммга чейин төмөндөтүлгөн. Мектеп ашканаларында чайдын ордуна жергиликтүү кургатылган жемиштерден кант кошулбаган компот сунушталат.

Эл өкүлү кантты ашыкча колдонууну азайтуу максатында мектеп окуучуларына жана алардын ата-энелерине туура тамактанууну үйрөтүүчү «Жаш багбан» аттуу методикалык колдонмо иштелип чыкканын кошумчалады.

 

Пример HTML-страницы