— Каныбек Маматбекович, кийинки учурда акимдерди ротация кылуу маселеси көтөрүлгөн. Жергиликтүү жетекчилердин жээнтайке, агайын-туугандары көп болгондуктан кандайдыр бир деңгээлде таанышбилиштик терс таасирин тийгизип жатканын моюндаганбыз. Акимдерди алмаштыруудан пайда жок дегендер да болгон. Бир жакшы жери – мындай кадамдар туура болгонун мезгил таразалап жатат. Мына эми айыл аймактарын кайрадан түзүү, ылайыгына жараша бири-бирине кошуу чечими да кадам таштады. Сиздер биринчилерден пилоттук район болуп калдыңыздар. Уюштуруу иштеринен кыйналган жоксуздарбы?
— Албетте кандай гана заманбап жаңылыктарды баштоодон мурун кетип жаткан кемчиликтерди терең талдоо гана натыйжа берет. Ушундай ургаалдуу шарттардан улам акимдерди алмаштырууга туура келди. Негизинен жердешчилик деген илдеттен кадимкидей алыстадык. Бир акыйкатты айтып коёлу, айрым акимдер үмүттөрүбүздү актабады. Жемкорлук, коррупциялык иштери менен жаманатты болуп, жазасын алышты. Демек, көнгөн, кылып жүргөн былык иштерден алыстоо оорго турат белем. Биринчи кезекте ар бир жетекчинин тазалыгы башкы ролду ойнойт турбайбы.
Айыл аймактарды кайрадан реформалоо да учур талабы.
Бизде буга чейин 13 айыл аймагы болгон. Биригүүнүн натыйжасында 5 айыл аймагына айландык. Албетте, биринчи кезекте: “Элдин маанайы кандай болот? Талаш-тартыштар тоскоолдук кылбас бекен?” деген суроолор туулбай койгон жок. Ар бир жыйында эл менен бирге болдук. Бармакты кеңешип кестик. Шартка жараша, керек кезде уруулардын отурукташкандарына да карадык. Уюштуруу иштери жогорку деңгээлде болгондуктан тез арада кошулуп бүттүк. Жаңы айыл аймактарынын өкмөт башчылары дайындалды. Мөөрлөрүнө чейин даяр болуп калды. Бириктирилген айылдык кеңештердин төрагалары шайланды. Керек кезде колдоосун аябаган журт башчыларыбызга, облус жетекчилерине чын жүрөктөн ыраазыбыз.
Чек арага чектеш Каркырадай айылдарыбызга айрыкча көңүл бурууга тийишпиз. Бизде Түп айыл аймагы гана дотациядан чыккан. Максатыбыз инвесторлорду көп тартып, калган айыл аймактарды да дотациядан чыгарсак деген аруу тилектерибиз бар. Биригүү өркүндөп өсүүгө өбөлгө гана болуп берери бышык.
— Айыл аймактарын дотациядан чыгаруу үчүн кандай аракеттерди жасап жатасыздар?
— Районубузда көрүнөрлүк “Сүт-Булак” аттуу сүт заводубуз бар. Бул албетте жетишсиз. Мындай өнөр жай ишканаларын арбын ачсак, инвесторлордун тилин тапсак экономикабыз көтөрүлмөк. Ошондо гана айыл аймактарын дотациядан чыгарып алууга мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачылмак. Мына ушундай аруу тилек менен Каркыра айыл аймагынан 100 гектар жерди эс алуу жайына айландырууну чечтик. Кышкы спорттук иштерди илгерилетүүчү заманбап эс алуу жайына айланып, атагы алыска кетсе деген ниеттебиз. Жеке инвесторлорго арендага берип жатабыз. Кышкы спорт жанданат.
Эл аралык деңгээлдеги лыжа тебүүчү эс алуу жайы курулат. Бардык шарты шай келүүгө тийиш. Мейманкана, ресторан баш болгон жайлар салынат. Долбоор боюнча жасалуучу иштер башталды. Лыжа тебүүчү алгачкы жол 62 чакырым. Эл аралык туризм менен алектенген “Ак-Сай-Трэвел” компаниясы да колдоо көрсөтүүдө. Чаар-Кудук жайлоосунда экотуризм даңазаланууда. Каз катар тигилген улуттук бөз үйлөр келген эс алуучуларды бал кымыз, каймак жана башка улуттук тамактар менен камсыз кылышууда. Таза аба, экологиялык жактан жагымдуу азыктар ден соолукту чыңдайт. Экотуризм багытын чыңдоого бардык күчүбүздү жумшайбыз. Биздин алдыбызда зор иштер турат. Биринчи кезекте районубуздун аймагында орун алган далай кылымдардан бери эскерилбей, колго алынбай жаткан тарыхый ыйык жайлардын багын кайрадан ачуу. Мисалы, улуу Иисус Христостун шакирттеринин бири эмес, пири Матфей Аппостолдун үңкүрү бар. Матфейдин ал тургай сөөгү да ушул үңкүргө коюлган экен. Мына ушул ыйык үңкүр тууралуу эпископ Андрей менен кечээ эле телефон аркылуу сүйлөштүк. Кайрадан калыбына келтирип, реставрация жасап алсак миңдеген табынуучулардын ыйык жайына айланмак. Айрыкча христиан туристтердин ишенимдери артып, кыйла туристтердин кызыгуусун туудурмак. Ойлорубуз иш жүзүндө орундалса, Ысык-Көлгө эс алуу үчүн келгендердин бир көрсөк деген ыйык жайларынын туу башы болуп калары шексиз. Ошондой эле Ысык-Көл айыл аймагына тиешелүү Чигу шаары бар. Мына ушул шаар калдыктарын өз алдыларынча казышып, алтынга тете экспонаттарын алып кетип жүргөндөргө тыюу салдык. Буюрса бул жерди да тийиштүү инстанциялар менен биргеликте башын ачып, тарыхый музейге айландырсак, кылым карыткан экспонаттары менен келген туристтерди тааныштырсак деген ниетибиз бар.
— Социалдык объекттерди куруу боюнча жакшы кабарыңыздан айта кетсеңиз?
— Араб туугандардын “Ассафа” кайрымдуулук фонду менен тыгыз иш жүргүзүп жатабыз. Алардын жардамы аркылуу Түп айыл аймагында 275 орундуу мектеп курулат. 2 бала бакчанын биринчи кабаттары бүтүп калды. Эң башкысы, жетим-жесирлерге арналып 30 батир салынууда. Ошондой эле Байзак айыл аймагында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты курулуп, пайдаланууга берилди.
Эл-журтту мектеп, бала бакчалар менен катар ичүүчү таза суу менен да камсыз кылууга тийишпиз. Жылуу-Булак, Байзак жана Кең-Суу айылдарында таза суу долбоорлору ишке ашырылууда. Быйыл Корумду жана Ичке-Суу айылдарында таза суу курулуштары аяктайт. Республикалык бюджеттен каржыланат.
— Айыл чарбасында кандай алгылыктуу иштер илгерилөөдө?
— Оболу олуттуу жаңылыктарга токтолуп кетейин. Биз сапаттуу сүттү мол берген асыл тукум саан уйларды көбөйтүүнү колго ала баштадык. Уруктары Европадан алынып келинген. 2 жыл аралыгында 10 асыл тукум чарбасын түзүүгө тийишпиз.
Чынында жайыттарыбыздын кунары жылдан-жылга качууда. Анткени, жакынкы жайыттарыбыз тарып баратат. Ошол себептен алыскы жайыттарды былтыртан бери кайрадан пайдаланууну колго ала баштадык. Былтыр алыскы Сары-Жаз жайлоосунун көпүрөсүн оңдоп алдык. Нечен жылдан бери алыскы жайлоого кетүүчү жолдор бузулуп, көпүрөлөр көз жаздымда калган. Алыскы жайлоолорго каттоочу жолдорду оңдоп, көпүрөлөрдү салып албасак албетте, жайытка болгон муктаждык кыскарбайт. Быйыл да бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз.
Баба дыйкандар боюнча айтсак: 29817 гектар айдоого тийиш элек, иш жүзүндө толук айдалып, 100%га аткарылды. Жаздык кылкандуу дан эгиндерин 24385 гектарга айдоого тийиш болсок, иш жүзүндө 23019 гектарга себилди. План боюнча буудай 6638 гектарга себилип, ашыгы менен аткарылды. Арпа да ашыгы менен 18104 гектарга себилип, 102,0%га жетти. Экинчи наныбыз картошка 4201 гектарга айдалды. Айта кетчү жагымдуу жаңылык, Молдовадан келген инвесторлор ден соолукка өтө пайдалуу чычырканактын европа сортун олтургузууну баштады. Азырынча 5 гектарга себилди. 20 гектарына күзүндө эгишет. Багуусу жана шарты жарашса 1 гектар аянттан 15 тоннага чейин түшүм алууга болот экен. Демек, инвесторлорго дем берип турсак, пайдасынан башка зыянын тартпайбыз.
— Каныбек Маматбекович, тынчыңызды алып жаткан көйгөйлөрүңүздөн да айтып берсеңиз?
— Бул жан дүйнөмө тынчтык бербеген көйгөй жеке бизге эле эмес, бүткүл дүйнө жүзүнө таандык. Кайсы гана жакка барба климаттык кырдаалдар курчуп, көп өлкөлөрдө суу тартыш. Суу башы өлкөлөрдүн сап башында турганыбыз менен бизде да коркунучтар бар. Түп суусун айыл чарба жумуштарына пайдаланып жатабыз. Түп суусу сугат иштеринен улам жылдан-жылга азайып баратат. Ысык-Көлүбүзгө жетпей деле калды. Көлүбүз аркырап аккан дарыялардын, суулардын аркасы менен толуп турары бышык. Бүгүн көлүбүздү сактап калбасак, албетте эртең кеч болуп калат. Андыктан Каркыра дарыясын Түп суусуна бурууну көздөй баштадык. Бул олуттуу маселе мамлекеттик деңгээлде көңүл борборуна алына баштады. Буюрса, жакынкы жылдары тилеген тилектерибизге жетип, сууга болгон таңсыктык четтейт деген ишенимдебиз. Берметибиз Ысык-Көлүбүз толкуп турса, даңазасы таш жарган кайран Акелерибиздин урпактары урматталып, теңдешсиз ийгиликтерге жетебиз.
Айчүрөк МАКЕШОВА
№50 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 23-июну