"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Каныбек Досмамбетов Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткарат

Президенттин жарлыгына ылайык, Эркин Чечейбаевдин ордуна Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп Каныбек Досмамбетов дайындалды.

Досмамбетов буга чейин УКМКнын коррупцияга каршы кызматында жетекчилердин бири болуп, акыркы убакта Жалал-Абад облусундагы УКМКнын башкармалыгын жетектеп келген.