"Эркин-Тоо"

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду

Каныбек Иманалиев КР билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КР Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн КР билим берүү жана илим министри Иманалиев Каныбек Капашович кызмат ордунан бошотулду.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, КР билим берүү жана илим министри белгиленген тартипте дайындалганга чейин билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Усеков Уланбек Абдилазизовичке билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!