"Эркин-Тоо"

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ИЛИМДЕГИ УСТАТТЫК ИШТИ АРКАЛООДО

Жогорку Кеңештин төрт жолку чакырылышынын депутаты, белгилүү коомдук-саясий ишмер, чыгаан калемгер Каныбек Иманалиев ушул күндөрү Улуттук илимдер академиясынын саясат таануу бөлүмүнүн диссертациялык кеңешине мүчө болуу менен жаш илимпоздорго устаттык кыла баштады. Саясат таануунун практикалык жактан гана эмес, илимий жактан да чеберчилигин далилдеп, бир канча жыл мурун докторлугун жактап алган. Кандай сүйлөп, кай теманы жазса да көркүнө чыгарган Каныбек Капашович илимий жолунан деле изги иштерди аркалап, бул жагынан укмуш ачылыш жасабаса дагы жаш илимпоздорго устаттык улуу жүрүштү татыктуу аркаласа керек. Академияга ара-тородо барган сайын агалары Алтай Бөрүбаев, Темирбек Акматалиев, Кубанычбек Жумалиев, Токон Мамытов баштаган аксакалдар менен өткөнкеткенден кобурашып, учур кырдаалынан кеп сала божурашып турушса жаманбы? Аныгында кыргыздын Каныбек Капашовичтей уулун бош жаткырбай, коом үчүн пайдалана билишибиз керек. Андыктан, академиядан кол-жолун бошотпой, күчүн алып калуу баарыбыз үчүн олжо болоттур.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!