
Бир кездеги биздин кесиптеш менен кыска-нуска багытта маектештик. Каныбек Капашовичти сөздөн кармоо кыйын. Жылмышат да…
— Каныбек мырза, өлкөдөгү түзүлгөн жалпы саясый абалга кандай анализ кылып жатасыз?
— Кемпир-Абад, басма сөзгө болгон мамиле, саясий оппозициялык маанайдагы инсандардын камакка алынганы кырдаалга таасир берип жатканы эч кимге жашыруун эмес.
— Саясый майданда эки жаат тиреш… Парламент ичи жыргаган тейде эмес. Сунуш айтыңызчы, абалдан кантип чыгабыз?
— Эл ушул Баш мыйзамга, ушул курамдагы Жогорку Кеңешке добуш беришкен да. А мен 2020-жылы парламенттик башкарууну сактап калуу үчүн күрөшкөм. Мындай шартта эл өзү чечим чыгаруусу керек го.
— Жогорудагы мен тизмектеген көйгөйлөрдү чечүүдө алдыдагы өткөрүлө турган Курултайдын жардамы болобу?
— Баш мыйзам боюнча шайланган курултай гана толук легитимдүү. Бул курултай эмне маселе карайт, кантип карайт, андан кабарым жок.
— Өзүңүз учурда кайсы саясый жээкке кошулууга ниетиңиз күч?
— Азыркы бийликтин аракеттери боюнча сын көз-караштамын. Түшүндүң да иним!
№103 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 22-ноябры
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ