(Башталышы гезиттин №49 санында)
— Жасалма интеллект тууралуу айтып берсеңиз?
— Кыргыз тили жасалма интеллект тилинде сүйлөй башташ керек. Ал деген балдар үчүн тартылган мультфильмдер. Кичинекей балдарыбызга дал ушул жасалма интеллектин тили менен чыгыш керек. Биз эмдигиче кыргыз тилинин корпусун түзбөпбүз. Мисалы, азербайжан, түрк, өзбек, казак, орус, ал турсун азганакай шорлор, алтайлыктар, татарлар өздөрүнүн тил корпусун түзүшкөн. Алар бардык сөздөрүн электрондук вариантка өткөрүп чөнтөктөрүнө салып алышкан. Биз ал тууралуу ойлоно элекпиз.
— Ошондо кайсы элдин, канча сөзү бар экен?
— Англичандардын 6, немистердин 4, орустардын 2,5 миллиард сөзү бар. Ал эми казактардыкы учурда 750 миллион сөз болду, дагы да иштеп жатат. Өзбектердики 1 миллиардга жакын болуп калды. Түркмөндөр, тажиктер да түзүп жатат. Ал турсун Алтайдагы хакас, шор сыяктуу аз сандагы элдер да тил корпусун түзүп жатышат. Биз бул багытта эч бир иш жасабаптырбыз. Килтейтип, килтейтип эле китептерди чыгара бергенбиз. Мисалы, энциклопедияны алалы. Азыр ал китепти эч ким окубайт. Көтөрүп жүрөйүн десе оор. Аны азыр адамдардын смартфонуна салып беришибиз керек. Мындан тышкары мен компьютердик лингвистикага көп көңүл буруп жатам. Окумуштуу Ташполот Садыковду баш кылып жумушчу топ түздүк. Абдыганы Эркебаевич да ушул коммиссияга кирди. Азыр электрондук энциклопедия түздүрдүм. Биринчи тому бүттү. Эдил Жолдубаевич Википедиядагы кыргызча макалалардын санын көбөйтүңүз деп тапшырма берген. Кыргыз тилинде болгону 70 миң макала бар экен. Тажиктердики 130 миң. Орустардыкы 2 миллион. Көрдүңүзбү, бул багытта да артта калганбыз. Азыр эми акча сурасам баары мени жаман көрүшөт. Менден өткөн душман жок. Акча бербесе азыр ким бекер макала жазып берет. Убактым болбой жатат деп ар кандай шылтоону айтат. Эгер акча төлөп берсек жазып берчүлөр сөзсүз чыгат. Ал макаланы сапаттуу жазыш керек. Эптеп эле бир нерсени чиймелей салган болбойт. Кызыктуу, маңыздуу макаланы жазган автор калем акы сурайт. Акча болбосо мен аларга эмнени берем. Эгерде биз кыргыз тилинин корпусун түзсөк, кыргыз тили эч качан жоголбойт.
— Азыр бизде тил корпусу барбы, же жокпу?
— Таптакыр жок деп айтсак да болот. Кыргыз-Түрк университетинде иштеген Аида Касиева деген азамат кызыбыз бар. Ошол өз күчү менен 2.5 миллион сөздү түзүптүр. КТУда, ОшМУда бар деп айтып жатышат. Бирок, алардын башын бириктирип бирдиктүү тил корпусун түзүшүбүз керек. Ал үчүн мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу абзел. Бир жылдын ичинде 10 миллион сөздөн турган тил корпусун түзөсүз деп Эдил Жолдубаевич жакында менин алдыма план койду. Беш жылдын ичинде 500 миллионго жеткиресиз дейт. Ал үчүн мен калем кармап, өз оюн сабаттуу жаза алган кыргыздардын баарын ишке салышым керек болот. Алардын 30 пайызы кыргыз тили үчүн деп бекер жазып бергенге макул болсо, калган 70 пайызы акча сурайт, туурабы? Мен сизге өзүмдү эле мисал келтирип айтып берейин. Мен чоң атамдын колунда чоңойдум. Азыр ошол чоң атам сүйлөгөн сөздөрдүн 50 пайызын эле колдоном. Калган 50 пайызы жоголду. А менин неберем менин сөзүмдүн 50 пайызын жоготсо, ошентип олтуруп кыргыздын сөздөрү акырындык менен жок болуп кете береби? Кыргыз тили бүгүн коргогонго муктаж эмес, колдонгонго муктаж.
Өткөндө Бакуда болгон түрк тилдүү элдердин конференциясына барган кыргыз делегаты орусча доклад жасаптыр. Өзбеги өзбекче, казагы казакча, түркү түркчө доклад жасаса, бизден барган киши орусча доклад жасаган. Анан алар “кыргызча эле сүйлөй бериңиз, биз сонун эле түшүнөбүз” деп айтыптыр. Биздин орусча сүйлөгөнүбүздөн биз эмес, алар уялып жатышат. Анан калса түрк тилдүү мамлекеттердин ичинен жалгыз эле кыргыздар кириллица тамгасында калдык, калгандар баары латын арибине өтүп кетишкен.
— Мамлекеттик тил боюнча жаңы мыйзамга Президент кол койгондон кийин абал кандай болот? Ушул тууралуу айтыңызчы?
— Мыйзам күчүнө кирсе 5-берене менен 10-берене биринчи орунга чыгат. Министри баш болуп ар бир кызматкер кыргыз тилин милдеттүү түрдө билиш керек болот. Анан бардык иш кагаздарын кыргызча жазыш керек. Өткөндө бир кызыбыз Красноярскиге барып “кыргыз тилин коргогондорду “улуттук крокодилдер” деп айтты. Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин “элди кемсинтти” деп ызылдап чыктык. Коомчулук аябай катуу кабыл алды. Акыры ал кыз кечирим сурады. Эл ага деле көнбөдү. Ошол кыз айткандай сиздин маңдайыңызда Кыргызстандагы “эң башкы крокодил олтурат” (күлөт).
— Балдар үчүн кыргыз тилиндеги мултьфильмдерди тартканга канча акча бөлүнөт?
— Сегиз миллион сом бөлүнүптүр. Сегиз миллион сомго болгону бир мультфильм тартылат. Ал акчаны азыр 23 миллион сомго жеткирдик.
— Каныбек Осмоналиевич, терминдер боюнча да ишти күчөтсөңүздөр жакшы болот эле. Антпесе ар бир тармак өздөрүндө жолукчу орусча сөздөрдү каалагандай которуп алып жазып жүрүшөт. Өткөндө редакцияга “балетмейстер” деген сөздү “бийермен” деп жазып келишиптир.
-Алар сиз айткандай өз алдынча терминология бөлүмүн түзүп алышкан. Которгон сөздөрүн окусаң жаныңан түңүлөсүң. Салык кызматы өзүнчө, соттор өзүнчө, банк, каржы кызматы өзүнчө терминдерди түзүп алышкан. Башаламан. Эми ошолордун баарын көзөмөлгө алабыз. Терминологиялык комиссия түздүк.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№52 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 30-июну