"Эркин-Тоо"

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Убакыттан уттурдук, бирок али да кеч эмес”

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек ОСМОНАЛИЕВ

“Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынганына 34 жылдын жүзү болду. Тилекке каршы кыргыз тили эмдигиче өз макамына толук кандуу ээ боло албай келет. Мунун себеби эмнеде? Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев менен жакында Жогорку Кеңеш кабыл алган “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзам жана тилдин азыркы абалы, келечеги тууралуу маек курдук.

— Каныбек Осмоналиевич, жакында эле Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” Конституциялык мыйзамды үчүнчү окууда жактырып, кол коюуга Президентке жиберилди. Мыйзам тууралуу окурмандарга, элге кененирээк айтып берсеңиз. Мурдагы мыйзамдардан кандай артыкчылыктары бар?

— Мен Улуттук комиссияга төрага болуп былтыр 10-майда келгем. Келгенде эле Президент тарабынан биздин алдыбызга бир катар орчундуу маселелер коюлган. “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамдын биринчи редакциясы 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган. СССРдин учурундагы Жогорку Совет кабыл алган. Биз ошол кезде бул мыйзамдын кабыл алынышына себепчи болгон адамдарга чоң ырахмат айтышыбыз керек. Себеби, ал учурда СССР али жашап турган кез болчу. Керек болсо, айрым адамдардын башы кетип калышы да мүмкүн эле. Кыргыздын белгилүү акын-жазуучулары Камбаралы Бобулов, Казат Акматов, Төлөгөн Касымбековдор парламент жыйынында кайракайра маселе көтөрүп, алардын кайрылуусун, сунушун сырттагы акын-жазуучулар, эл жапырт колдоого алып, “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынып калган. Азиядагы элдердин ичинен биринчилерден болуп өткөнбүз. Бирок, тилекке каршы 34 жылдын ичинде тилибиз өзүнүн мамлекеттик макамына толук кандуу ээ боло албай келди. Ага, ириде башкалар эмес, мына биз, кыргыздар өзүбүз күнөөлүүбүз. Жалкоолук, мажирөөлүк, жалтаңдамай адатыбыз кошумча болду. Мунун обьективдүү да, субьективдүү да себептери бар. Обьективдүү себептеринин бири – орус тили кыргыз тилине катарлаш расмий тил деп кабыл алынып калгандыгында болду. Анан биз улам-улам кылчактап, эки баштуу саясат жүргүзүп калдык. Бизден кийин тилин мамлекеттик тил кылып кабыл алган казак, өзбек, азербайжандар бат эле өз тилин биринчи орунга алып чыгып алышты. Ал турсун кириллицаны чанып, латын алфавитине өтүп кетишти. Чынын айтыш керек, ал жылдары расмий бийлик тарабынан катуу колдоо болгон жок. Биз, ошентип көп нерседен уттуруп койдук. Эгер башта, СССРдин кезинде башка улуттун өкүлдөрү унчукпай келген болсо, азыр “бул деген орус тилин кордогондук, тебелегендик” деп кадимкидей баш көтөрүп каршы чыгып жатышат. Чыкканда да Орус Думасынын депутаттары каршы чыгып жатат.

— “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” азыр иштеп жаткан мыйзамда “ат да өлбөсүн, араба да сынбасын” дегендей, кыргыз тилинин колу-бутун тушаган эки ача беренелер жазылып калган. Ошол үчүн мыйзам толук кандуу иштебей жатат деп ойлойм.

— Эң туура айтасыз. Дал ошондой болуп калган. Мыйзамда “мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилде, же расмий тилде жаза билиш керек, расмий иш кагаздар мамлекеттик тилде, же расмий тилде жазылыш керек” деп жазылып калган.

— Маселенин баары дал ушул жерде катылган…

— Ооба, ушул, же деген сөз кыргыз тилин жеп келди десек да болот. Анан башка улутту мындай коелу, өзүбүздүн айрым кыргыздар эле “мен мыйзамды бузган жокмун, кааласам орус тилинде жазам” деп моюн толгоп келди. Бул аз келгенсип 2000-жылы расмий тил жөнүндө да өзүнчө мыйзам кабыл алып жибергенбиз. Муну көпчүлүк эл биле бербейт. Ошол үчүн алар биринчи кезекте Баш мыйзамды, анан ушул мыйзамды бетке кармашат. Өткөндө туризм агенттигинин директору Калашникова “мен Конституцияда жазылган расмий тилде сүйлөп жатам” дебедиби. Кечээ Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамды мындан 20 жыл, жок дегенде 10 жыл башта кабыл алсак болот беле? Болот болчу. Бирок, аны биз жасаган жокпуз. Бул иштердин бардыгы Президент Садыр Нургожоевичтин чоң колдоосу, эрдиги менен жасалып жатат. Мен математикфизик катары жаңы мыйзамдын ар бир үтүр, чекитин кылдат, так карап чыктым. Жаңы мыйзамды Жогорку Кеңеште экинчи окууда кабыл алып жаткан кезде кызык кырдаал жаралды. Аз жерден мыйзам өтпөй кала жаздады. Төрт-беш саат трибунада туруп суроолорго жооп берүүгө туура келди. Катуу талаш-тартыш болду. Бирок, добуш берүүгө келгенде 79 депутат колдоп кетти.

— Үчүнчү окууда кандай болду?

— Үчүнчү окууда да оңой болбоду. Ал турсун мурдагыдай “же расмий тилде жазылат” деген калсын, антпесек орус тили корголбой калат дешти. Айла кеткенде мен “бул жерде орус тили эмес, кыргыз тили тууралуу сөз болуп жатат. Орус тилин коргой турган килтейген Россия турат” деп айттым. Жаңы мыйзамдын 5-беренесинде “мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү” деп жазылып турат. Ал өттү. Расмий иш кагаздар менчик формасына карабастан бардык мекеме-уюмдарда, ишканаларда, мамлекеттик тилде даярдалат, же зарыл болгон учурларда расмий ж.б. тилдерде которулат.

— “Зарыл болгон учурларда” дегенди да алып салыш керек болчу. Ошого таянып алчу азаматтар да чыкпай койбойт.

— Азырынча ушундай кабыл алынып турсунчу. Бирок, тескеме, нускамасы баары биринчи кыргыз тилинде жазылат. Мындай эрежелер сот, прокуратура, милиция, айыл чарбасы деги койчу бардык тармактарда, министрликтерде кабыл алынат. Аны биз текшерип турабыз. Ушуга кайышып, каршы чыгып туруп алышты. Мындай чен, эрежелер алыс барбай эле жакын коңшуларыбыз казак, өзбектерде алда качан турмушка кирген. Буйруса, Президент бир айдын ичинде мыйзамга кол коюп берсе, мыйзамдын ар бир беренеси боюнча нускамалар бардык бийлик органдарына, мамлекеттик, менчик ишканаларга жиберилет жана алар аткарууга милдеттүү болот. Эгер ким мамлекеттик, муниципалдык кызматтарга иштегиси келсе анда ал сөзсүз кыргыз тилин биле турган болот. Билбесе иштей албайт.

— Сиздердин комиссия ушул жылдын январь айынан тартып ар бир министрлик, мекеме-уюмдагы иш кагаздарынын абалы тууралуу жеринде жыйын өткөрүүнү колго алдыңыздар. Жыйынтыгы кандай болууда?

— Ооба. Иш кагаздарынын үлүшү ар бир министрликте канча пайызды түзүп жаткандыгын сурап жатабыз.

— Мисал менен айтсаңыз?

— Экономика министрлигинде 2022-жылдын эсеби боюнча кыргыз тилинде жазылган иш кагаздары болгону 12 пайызды гана түзгөн. Сексен сегиз пайызы орусча. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча резиденцияда болгон чогулушта Президент да ушул маселени айтып өттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигиники 17 пайыз, Каржы министрлигиники 21 пайыз гана болгон. Март айынан баштап Инфодокс системасы боюнча текшере баштадык. Ал система иш кагаздары тууралуу маалыматты автоматтык түрдө берип турат. Өздөрү илгеркидей кошуп жазып, жалган маалымат берип келишкен. Биздики 80 пайыз деп көрсөтмө беришет, иш жүзүндө 8 пайызды гана түзөт. Мэриянын иш кагаздарын да текшерүүгө алдык. Ал чогулушка Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышты. Мэр Мамлекеттик катчынын көзүнчө бизде иш кагаздары 76 пайыз кыргыз тилинде жүргүзүлөт деп маалымат берди. Мен чыгып мэриянын кыргыз тилиндеги иш кагаздары болгону 12 пайызды гана түзөрүн айттым. Мэр “эмне үчүн мени райондун акимдери алдашат” деп өзү таң калды.

— Мэрия, демекчи, шаардагы көрнөк-жарнактардын абалын эмне үчүн алар көзөмөлдөбөйт? Эмне үчүн ошол милдетти Улуттук комиссия өзүңүздөргө албайсыздар? Көчөгө чыгып көз жүгүрткөн киши Бишкек кайсы өлкөнүн борбору экенин билбей калат. Мына маңдайыңызды эле караңызчы, тиги дүкөндө “Бистро” деп жазылып турат.

— Сиз айткан маселени ал чогулушта мэрге мен да айттым. Көрнөк-жарнактардын кандай жазылып жатканын деги карайсыңарбы дедим. Бул ишти көзөмөлгө албаса болбой калды. Бир-эки күндөн кийин Бажы кызматына барабыз. Буга чейин социалдык фонддо болдук. Эң талылуу жерлер Соцфонд, Бажы, Салык, Банк кызматтарында экен. Былтыр министрликтердин борбордук аппаратында иштеген кызматкерлерине кыргыз тилинен жат жазуу жаздырдык. Себеби, Президент өзү “ар бир министрликте кыргыз тилчилери, котормочулары бар, ошолорго жат жазуу жаздырып көрүңүзчү, жаза алат бекен” деп мага тапшырма берген эле. Алар 40- 50дөй адам экен. Жат жазууну жакшы жазышты. Мен аларга “силердин кыргызча жазганыңар жакшы экен, а эмне үчүн иш кагаздар орус тилинде жазылып жатат?” деп сурадым. Анда алар “бизге жетекчилер өздөрү орус тилинде жазып бер деп тапшырма беришет” деп чындык кепти айтышты. Анан мен айылдарды да аралап, абал менен таанышып чыктым. Чаткалга барсам “агай, борбордон бизге бардык иш кагаздар орус тилинде келет жана алар орус тилинде жооп беришибизди талап кылышат. Айылда орусча билген адамдар деле аз калды. Бир-эки орус тилчи мугалимибиз бар, аларга айта берип өзүбүз деле жаман көрүнүп бүттүк” десе болобу. Көрдүңүзбү, акыл-эске сыйбаган иш бул.

— Айыл өкмөтүнө орусча жооп бер деп айткан министрликтердин кызматкерлеринин атын, фамилиясын ачык жазып, керек болсо Президенттик администрацияга чейин айтыш керек.

— Сиз айткандай мен ал фактылардын баарын, жат жазууларын Президенттик Администрацияга берип жатам. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигиндеги 37 киши жат жазуу жазып, анын 15и “2” алды. Мыйзам боюнча министр ал кызматкерлерди жумуштан кетириши керек.

(Уландысы бар)

Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№49 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 20-июну

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!