Свердлов районунун акими Кубанычбек Айтакунов ээлеген кызматынан өз каалоосу менен бошотулгандан кийин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Капарбек Адиевди аким кылып дайындоо боюнча буйрукка кол койду.
Айбек Жунушалиев жаңы акимге районду өнүктүрүүгө багытталган бир катар милдеттерди коюп, базарларга, тротуарларды курууга жана жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Капарбек Адиев буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунун башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын кызмат ордуна дайындоо үчүн сунушталган кадрлардын региондук резервинде турат.